Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо өтөт
![Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо өтөт](https://gdb.rferl.org/B1F0B602-AC2B-4572-9815-2F1AC72F3AE3_w800_h450.jpg)
Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жарыяланды. Убактылуу президент Касым-Жомарт Токаев кол койгон жарлыкка ылайык, кезексиз президенттик шайлоо быйыл 9-июнга белгиленди. Ага Токаев катышабы-жокпу азырынча белгисиз.