Кыргыз-казак чек арасында жүздөй автоунаа топтолуп турат
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек» бекетинде казак тарапка өтө албай турган автоунаалардын саны жүздүн тегерегинде. Арасында үч-төрт суткадан бери кезегин күтүп жаткандар бар. Чек арадагы кабарчыбыздын маалыматы боюнча, учурда бир саатта үчтөн автоунаа өткөрүлүп жатат.
Өкмөттүн басма сөз кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө жайлары штаттык режимде иштей баштаганын 8-апрелде билдирген эле. Анда айтылгандай, «Ак-Тилектеги» абал боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев казак өкмөт башчысы Аскар Мамин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жана түзүлгөн кырдаалды чечүүнүн жолдорун талкуулаган. Жетишилген макулдашууга ылайык, Абылгазиевдин тапшырмасы боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков баштаган делегация Нур-Султан шаарына жөнөтүлгөн. «Казакстандагы жолугушуулар ачык жана конструктивдүү негизде өткөнү» айтылат.
Казакстан кыргыз-казак чек арасында 19-марттан бери эл керектөөчү товарлар жүктөлгөн автоунааларды текшерүүнү күчөткөн. Ар бир жүк ташуучу автоунаадагы товарды катуу текшерүүнүн натыйжасында «Ак-Тилек» чек ара өткөрмөсүндө топтолуп кеткен автоунаалардын саны 250дөн ашып кеткен.
Кыргыз тарап чек арадагы кошумча текшерүүлөр Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) ченемдерин бузуп, товарларды эркин алып өтүү принцибине каршы келерин билдирген. (AiA/ZKo)