Порошенко "Олимпийский" стадионунда эрөөлдө жалгыз болду
![Порошенко](https://gdb.rferl.org/EF3A8417-40FF-4361-B427-6F673AE2C5A4_cx0_cy3_cw0_w800_h450.jpg)
Украин президенти жана президенттикке талапкер Петр Порошенко 14-апрелде эрөөл өткөрүүнү атаандашы Владимир Зеленскийге сунуштаган. Зеленский стадиондогу эрөөлгө 19-апрелде гана барарын айткан. Бүгүнкү эрөөлгө Зеленский келген жок.
Порошенко стадионго чогулган тарапкерлеринин алдында сөз сүйлөп, Зеленскийди эл алдында эрөөлгө чакыра берерин айтты. Андан кийин Порошенко атаандашын бир саат күткөнчө журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Ал шайлоо жарнамаларында Зеленскийдин Орусия президенти менен чогуу түшкөн сүрөтү боюнча пикирин билдирип, Владимир Путин менен Зеленскийди катар койбосун айтты. Бирок ошол эле учурда Путин "бизге Украинага Порошенкодон башка ким президент болсо да боло берет" деген сөзүн журналисттердин эсине салып койгусу келгенин билдирди. Ал ошондой эле эгер шайлоодо Зеленский утуп чыкса, элдин тандоосун сыйлай турганын кошумчалады.
Петр Порошенко менен Владимир Зеленский 21-апрелде Украинадагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасына катышат.
11-апрелде чыккан сурамжылоого караганда, куудул Зеленский Порошенкодон кыйла алдыда баратат. Биринчи айлампаны Зеленский чоң ажырым менен жеңген.