Айдоочулар бала өмүрүнө кайдыгер
![Айдоочулар бала өмүрүнө кайдыгер](https://gdb.rferl.org/08988908-8ba1-4bad-a3c6-9410959c6251_tv_w800_h450.jpg)
«Жол коопсуздугу» коомдук бирикмеси жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, 9 миңге жакын айдоочунун ичинен бирөө да балдардын автоотургучун колдонгон эмес. Андан тышкары балдардын төрттөн бир бөлүгү гана коопсуздук курун тагынары аныкталган. Бул изилдөө 2018-жылдын декабрь айынан 2019-жылдын февраль айына чейин жүргүзүлгөн.