13-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат
![13-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат](https://gdb.rferl.org/316BAFD5-D841-4994-995A-D62994256114_cx11_cy0_cw79_w800_h450.jpg)
13-майда Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27,
Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 21...26,
Баткен облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 27...32,
Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 16...21,
Нарын аймагында түнкүсүн 4...9, күндүз 17...22,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7, күндүз 3...8 градус болот.
Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 24...26 градус болот. Жаан-чачын жаабайт.