Дональд Трамп Ирландиянын өкмөт башчысы менен жолугушат
![Дональд Трамп Ирландиянын өкмөт башчысы менен жолугушат](https://gdb.rferl.org/2F514192-19F4-4AFF-8EFE-B8FDA36F21A5_cx0_cy5_cw0_w800_h450.jpg)
АКШнын президенти Дональд Трамп жана жубайы Мелани Британиядагы жана Франциядагы сапары маалында Ирландияга да барышат.
Трамп Ирландиянын премьер-министри Лео Варадкардын чакыруусун кабыл алды.
Трамп Ирландиянын Дунбег айылындагы гольф үчүн талаага ээлик кылат. Лео Варадкар менен Трамп Шеннон аба майданынын жанынан жолугушат.
3-5-июнь күндөрү Британиядагы мамлекеттик сапары маалында Трамп жана жубайы ханыша Елизаветанын коногу болушат. Ошондой эле Трамп Британиянын премьер-министри Тереза Мэй менен да жолугушат.
Франциядагы сапары маалында Трамп өлкөнүн президенти Эммануэл Макрон менен жолугушат.