Чеченстанда кумсалар кайрадан чабуулга кабылды
Чеченстанда кумсаларга каршы өнөктүк кайра башталып, 40тай киши кармалды. Алардын ичинен эки адам жарыкчылык менен кош айтышты. Бул тууралуу Орусиянын ЛГБТ коомчулугу билдирип, жумуриятта гейлер менен лесбиянкаларга чабуулдун жаңы толкуну башталганын ырастады. Уюмдун маалыматына караганда, декабрдын этегинен бери кеминде 40тай аял-эркек мыйзамсыз кармалса, алардын экөө кыйноодон улам каза тапкан. Сексуалдык азчылыктардын өкүлдөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап, алардын айрымдарын Аргундагы бейрасмий түрмөгө камашкан. Читать дальше...