Азия кубогу: Жапония финалга чыкты
Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогунун жарым финалдык оюндары жүрүүдө. 28-январдын кечинде жарым финалдын биринчи жубу – Жапония менен Иран футболчулары ойношту. Бул мелдеште жапон футболчулары ирандыктарды 3:0 эсебинде утуп, финалга чыккан алгачкы команда болду. 29-январда кубоктун алкагында Катар жана Бириккен Араб Эмираттарынын футболчулары ойношот. Бул жуптун утканы финалда Жапония менен биринчи орунга ойномокчу. Катар – БАЭ оюну Бишкек убактысы боюнча кечки саат 20:00дө башталат. Читать дальше...