Мода падышасы дүйнөдөн кайтты
Мода дүйнөсү аза күтүүдө. 19-февралда белгилүү модельер, "Chanel" мода үйүнүн көркөм директору Карл Лагерфелд Париждеги ооруканада 85 жашында көз жумду.
Мода дүйнөсү аза күтүүдө. 19-февралда белгилүү модельер, "Chanel" мода үйүнүн көркөм директору Карл Лагерфелд Париждеги ооруканада 85 жашында көз жумду.
Жергиликтүү медиа Ирандын жогорку кызматтагы аскер адамынын айтканына таянып, өткөн аптада Ирандын Революциялык сакчылар корпусунун аскерлерине кол салууну пакистандык киши ишке ашырганын жазды. “Сепах ньюс” маалымат агенттиги Сакчылар корпусунун генералы Мухаммад Пакпур “жанкечтинин аты-жөнү Хафиз Мухаммад-Али жана ал пакистандык” деп айтканын 19-февралда кабарлады. Сакчылар корпусунун аскер күчтөрүнүн жетекчиси билдиргендей, 13-февралдагы кандуу кол салууну пландаган согушкерлердин тобунун дагы бир мүчөсү пакистандык болгон. Читать дальше...
Украинанын президенти Петро Порошенко өлкөнүн Европа Биримдиги менен НАТОнун мүчөлүгүнө өтүүгө багыт алганын Баш мыйзамда бекитүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Президет Порошенко Украинаны "НАТОго мүчөлүккө кабыл албайт" деп айткандарга жооп берип, “Достор, [Украинаны] кабыл алышат” деди. Порошенко “Евробиримдикке жана Түндүк-Атлантикалык альянска кирүү эч бир өлкө үчүн Украинадагыдай кымбат болгон эмес”, – деп белгиледи. Украин лидери Еврошаркетке кирүүгө арыз берүүнү жана 2023-жылдан кечикпей... Читать дальше...
Казакстанда чакан үйлөрдө жашоого тыюу салуу сунушталууда. Москва шаарынын бюджетине мигранттар кошкон салым чоң. Тажикстандык журналисттер өз жанын кыюу себебин сурамжылады. Тажик милиционерлери көркөм адабият окууга милдеттендирилди. Испанияда эркектердин касапчы кесибин аялдар ээлей баштады. Данияда эл саламаттыгын таштанды иштеткен заводдо чыңдайт. Пакистанда жүк ташуучу машинага сүрөт тартуу өнөрү күч. Орусияда ат машина пайда болду.
Бул убакка чейин Жогорку Кеңеш өкмөткө карата укуктук ченемдеринен аша чаап жатат деген сынга кабылып келсе, эми Жогорку соттун парламентке жыл сайын отчет бериши Баш мыйзамга каршы келери айтылууда.
Шейшембиде белгилүү модельер, Париждеги "Chanel" мода үйүнүн көркөм директору Карл Лагерфелд 85 жашында көз жумду. Мода дүйнөсүнүн легендасы 1983-жылдан өмүрүнүн аягына чейин атактуу "Шанель" мода үйүнүн дизайнери болгон. "Мода – замандын духу" деп айткан дизайнер актуалдуулугун жоготуп бараткан "Шанель" брендин заман талабына ылайыкташтырууга жетишкен. "Шанелге" чейин Лагерфелд италиялык "Fendi" мода үйүнүн көркөм директору, "Chloe" брендинин модельери болгон. Ошол эле учурда өзү түзгөн "Karl" маркасын да жетектечү. Читать дальше...
Токио алдыдагы беш жылдын ичинде 340 миң чет элдик жаранды ишке алууну пландап жатат. АКШда 16 штат Дональд Трампты өлкөнүн түштүк аймагына өзгөчө абал жарыялаган буйругун жокко чыгартуу үчүн сотко берди. Сириядагы “Ислам мамлекети” радикал тобунун акыркы таянычы деп эсептелген Бахуз кыштагынан соңку бир айдын ичинде 500дөй чет өлкөлүк аял чыгарылды.
Ишкерлердин эл аралык кеңеши жана кен казуучу ири ишканалар Коопсуздук кеңешинде кабыл алынган айрым чечимдер боюнча тынчсыздануусун билдирип, президентке кайрылышты.
Орусиянын Мамлекеттик Думасы шейшембиде аскер кызматкерлерине жана жоокерлерге кызмат өтөп жатканда телефон колдонууга, маалыматты жазып алууга, сактоого, Интернетке туташкан жабдыктарды пайдаланууга тыюу салган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Ошондой эле аскерлерге кызматтын өзгөчөлүгү жана мурун бирге жүргөндөр, туугандары тууралуу маалыматты журналисттерге берүүгө, Интернетке жазууга тыюу салынат. Долбоорду 408 депутат колдоп, эч ким каршы болгон жок. Социалдык сайттардагы мындай... Читать дальше...
Коррупционерлерден өндүрүлгөн акча үчүн ачылган Борбордук казыналыктагы бирдиктүү депозиттик эсепке 1 млрд. 52,6 млн. сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады. Бул сумманын ичинен 497 млн. 916,1 миң сомду Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) жана 194 млн. 905,5 миң сомду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) которгон. Башкы прокуратура 357 млн. 657,7 миң сом жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2 млн. 185,6 миң сом төккөн. Коррупцияга... Читать дальше...
Периза Осмонова ар кандай улуттун өкүлдөрүнө кыргыз тилин үйрөтүп жаткан адис. Осмонова башка улуттарга тил окуттуу үчүн ынгайлуу усулун атайын иштеп чыккан. “Азаттык” анын бир сабагына катышып, кыргыз тилин билбеген жарандар кантип үйрөнүп жатышканына кызыкты.
Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган сүрөттөрдүн көргөзмөсү ачылды. Ага "Евразия" чыгармачыл инсандардын Гильдиясынын Британия, Казакстан, Орусия жана Кыргызстандагы мүчө сүрөтчү-айкелчилери өз эмгектерин койду.
Орусиянын тергөө комитети косаткалар жана белугалар шарты начар жерде кармалып турганы үчүн "жаныбарларды кордоду" деп кылмыш ишин козгоду. Бул суу жаныбарларын бир нече айдан бери Орусиянын Приморье аймагында “киттердин камагында” кармап турушат.
Орусиялык футбол эксперти, «Спорт-экспресс» басылмасынын баяндамачысы Игорь Рабинер Кыргызстан улуттук командасынын машыктыруучусу Александр Крестининдин иши, негизи эле өлкөнүн улуттук командасы тууралуу ойлору менен бөлүштү.
Нарын районунун Кеңеш айылынын тургуну Элмира Асекованын сегиз баласы бар. Балдардын улуусу турмуш курган. Кичүүсү эки жашта. Баатыр эне азыр эч жерде иштебейт. Күйөөсү да жумушсуздуктун айынан үйдө. Үй-бүлө бир уйдун сүтү жана алты миң сом жөлөк пул менен жан сактайт.
Бишкекте суу өткөрүүчү жаңы түтүктөрдү орнотуу иши ортолоп калды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, саат 16:00гө карата төрт түтүктүн экөө негизги системага туташтырылып бүттү. 35 жаңы скважинаны пайдаланууга бериш үчүн түтүктөрдү туташтыруу максатында бүгүн 19-февралда Бишкектин түштүк тарабындагы бир катар аймактарда суу убактылуу бир суткага токтотулду. Буга байланыштуу айрым мектептер, бала бакчалар жана бейтапканалар бүгүн иштеген жок. ... Читать дальше...
Тажикстанда эрте жана мажбурланган нике үй-бүлөдөгү уруш-талашка, ажырашууга, аялдардын өз жанын кыйышына жеткирип жатканын иликтөөлөр көрсөттү.
Кыргызстанда быйыл ажыга барчулардын кийиминин үлгүсүнө сынак жыйынтыкталды. Муфтияттын маалыматына караганда, ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штаб өткөргөн сынакка 13 талапкер катышты. Кийимдин баасы, кездеменин курамы жана сапаты, дизайны, түсү, коопсуздук белгилери, ыңгайлуулугу боюнча коюлган талаптарга канчалык туура келерине көңүл бурулду. Жыйынтыгында жеке ишкер Айкөл Аликжанова тиккен үлгүлөр татыктуу деген тыянак чыгып, ага ажылыктын формасын тигүү милдети жүктөлдү. Муфтияттын... Читать дальше...
АКШда Калифорния баштаган 16 штат президент Дональд Трампты өлкөнүн түштүк аймагына "өзгөчө абал" жарыялаган буйругун жокко чыгартыш үчүн сотко берди. Вашингтон, Чикаго жана башка ондогон шаарларда президент Трамптын Мексика менен чек арага дубал курууга акча алыш үчүн өлкөнүн түштүк аймагына "өзгөчө абал" жарыялоо боюнча чечимине каршы акциялар өттү. Алар Трамптын буйругун "кызматынан кыянат пайдалануу" жана "бийликти узурпациялоо" катары баалап жатышат. 18-февралда АКШда Президенттин күнү белгиленди. Читать дальше...
АКШда дүйшөмбү күнү 16 штат Дональд Трампты өлкөнүн түштүк аймагына өзгөчө абал жарыялаган анын буйругун жокко чыгартыш үчүн сотко берди.
Кыргыз өкмөтү мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы иш-чараларынын үч жылдык планын даярдады жана документти коомдук талкууга чыгарды.
Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги Москвадагы эки өзбек жаранынын өлүмү боюнча билдирүү жасады. Анда 17-февралда Орусиянын баш калаасындагы өзбекстандык атуулдар аралашкан калайман мушташта 32 жана 35 жаштагы эки жараны каза болгону жазылган. Алардын бирөө окуя болгон жерде жан берсе, экинчиси ооруканада көз жумганы айтылат. Министрлик кырдаал Орусиядагы Өзбекстандын элчилигинин көзөмөлүндө экенин билдирди. Тергөө комитетинин маалыматына ылайык, калайман мушташ Москванын Волгоград проспектисиндеги... Читать дальше...
Ишкерлердин эл аралык кеңеши жана кен казуучу ири ишканалар Коопсуздук кеңешинде кабыл алынган айрым чечимдер боюнча тынчыздануусун билдирип, президентке кайрылышты.
Былтыр, 2018-жылы 6-августта чыккан "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамга ылайык 21 мамлекеттик органдын өкүлдөрү кирген жумушчу топ кылмыштуу кирешелерди адалдоонун жолдорун иликтейт. Бул тууралуу "Азаттыкка" Финансылык чалгын боюнча мамлекеттик кызматтын стат-катчысы Чыңгыз Кененбаев кабарлады: - Кыргызстанда кандай кылмыштуу схемалар бар? Ошол схемаларды колдонуп кылмыштуу акчаны кантип адалдаса болот деген изилдөө жүргүзөбүз. Читать дальше...
Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Ашым (Хашим) Зайналиевдин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп таап, анын жеке медициналык дарылоо жүргүзүшүнө, лицензиясы жок дары-дармектерди колдонушуна тыюу салды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Мындай өтүнүч менен сотко райондук прокуратура кайрылып, саламаттык сактоо боюнча тиешелүү орган Зайналиевге лицензия бербегенин жана ага карата буга чейин козголгон кылмыш ишин жүйө келтирген. Ашым Зайналиев "2016-жылы бирөөнөн алдап акча... Читать дальше...