Бакиевдердин убагында уурдаган акчаны кайтаруу боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюлду
Курманбек Бакиевдин убагында уурдалган активдерди Кыргызстанга кайтарып берүү жөнүндө эки тараптуу биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Ага 25-февралда АКШнын мамкатчысынын жардамчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча биринчи орун басары Элис Уеллс менен Кыргызстандын финансы министри Бактыгүл Жээнбаева кол коюшту. Билдирүүдө айтылгандай, мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин досу Евгений Гуревич АКШда мыйзамсыз иштери үчүн кармалып, сот тарабынан 6 млн. доллары конфискацияланган. Читать дальше...