Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Март
2019

Новости за 06.03.2019

Azattyk.org 

7-март: күн жылыйт

7-мартта Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Кээ бир райондордо, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -3...2, күндүз 11...13, Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 1...3, күндүз 8...13, Ысык-Көл аймагында түнкүсүн -3...-8, күндүз 5...10, Нарын жергесинде түнкүсүн -10...-15... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кызыл-Ордодо көп балалуу эне бийликтин кысымында калганын айтты

Казакстандын Кызыл-Ордо шаарынын тургуну көп балалуу энелердин нааразылык акциясына чыккандан кийин басмырлоого кабылып, полициядан таяк жегенин айтып жатат. Меруерт Айтимованын сөзүнө караганда, ал акимге баратканда полиция жолдон күч менен кармап кетип, ал жактан аскер кийимчен аял аны эки жолу жаакка чапкан. Андан социалдык тармактардагы «Кызыл-Ордонун энелери» деген кат алышкан каналды жок кылууну, тынч отурууну жана өкмөт менен ойнобонуу талап кылышкан. Ал полиция бөлүмүндө беш саат отургандан кийин жолдошу жана туугандары алып кетишкен.

Azattyk.org 

Ооганстандагы кол салуу 16 адамдын өмүрүн алды

Ооганстандын Нангархар провинциясында согушкерлердин кол салуусунан кеминде 16 киши көз жумду. Өткөн аптада да «Талибандын» чабуулунан 25 аскер мерт болгон. Нангархар провинциясында талибдерден тышкары «Ислам мамлекети» тобу да чабуулдарды уюштуруп келет.

Azattyk.org 

Токтонасыров: КТРКга татыксыз башчы тандалды

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Коомдук телерадиокорпорацияга (КТРК) башчы тандоонун жыйынтыгына канааттанбай турганын билдирди. Бул пикирин ал жаңы шайланган директор Жайнак Үсөн уулунун «журналисттик мыкты эмгектери жок» деген ой менен негиздеди: - «​Директорлукка Жайнак Үсөн уулу келет экен»​ деген имиш кептер буга чейин эле тараган болчу. «Макулдашуу жолу менен келет» деп айтышкан. Демек бул туура экен да. Мен Жайнак Үсөн уулун мыскылдап, сындагым келбейт. Бирок менин жашым алтымышка чыкса да... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жанарбек Акаев: КРТКнын өзгөрүшү күмөн

Жогору Кеңештин эркин депутаты, мурдагы журналист Жанарбек Акаев КТРКнын жетекчилигине эки негизги фаворит болуп келгендердин бири Ибраим Нуракун уулунун бир да добуш ала албай калгандыгы күтүүсүз болгонун «Азаттыкка» билдирди: - Мен өзүм деле Жайнак Үсөн уулу менен Ибраим Нуракун уулунун бирөө тандалат деп күтүп жаткам. Жайнак Үсөн уулун чабал менежер деп айта албайм. Ал менежер катары телеканалды каржылык жактан ирдентип, жаңы долбоорлорду алып келет деп ишенем. Анткени ал мамлекеттин колдоосу... Читать дальше...

Azattyk.org 

«Nissan» компаниясынын мурдагы жетекчиси күрөөгө бошотулду

«Nissan» жана «Renault» автоконцерндеринин мурдагы башчысы Карлос Гон үч жарым айдай Жапонияда камакта отурду. Шейшембинин кечинде Токио сотунун чечими менен 64 жаштагы топ-менежер бир миллиард иен (7,9 миллион евро) күрөө төлөп, үй камагына чыгарылды. Ошондой эле анын үйүнө такай көзөмөл жүргүзгөн камера коюлат. Карлос Гон былтыр 19-ноябрда камакка алынган. 10-декабрда ага «2010-2015-жылдары тапкан кирешесин азайтып көрсөткөн» жана «Nissan компаниясынын эсебинен байыган» деген айып коюлган.... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ошурахунова: КТРК эми мурунку саясатын токтотушу керек

Коомдук телерадиокорпорацияга (КТРК) жаңы жетекчиликтин келиши менен бийликтин арыгын чапкан мурдагы иштөө саясаты токтотулушу керек. КТРКга жаңы директор шайланган соң жарандык активист, Маалымат каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттарды караган комиссиянын мүчөсү Динара Ошурахунова «Азаттыкка» ушундай пикирин билдирди:  - Мен Жайнак Үсөн уулун жакшы билбейм. Парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу шайланат деп ишенип жаткам. Кандай иштей турганын алдыда көрөбүз. Ийгилик каалайм. Читать дальше...

Azattyk.org 

Турдукулов: Байкоочу кеңеш тапшырманы аткарды

Коомдук телерадио корпорациясынын Байкоочу кеңеши жаңы жетекчини шайлоодо кимдир бирөөнүн тапшырмасын аткарды. Бул тууралуу пикирин “Азаттыкка” КТРКны башкарууга талапкер болгон Адил Турдукулов билдирди. - Шайлоо процедурасы өзү туура эмес жазылган. Ал жерде Коомдук кеңештин ондон ашык мүчөсү добуш берген талапкер гана КТРКнын башкы директору болот деп жазылып турат. Бул жерде Коомдук кеңеш менен иш жүргүзмөйүнчө мындай санга жетүү кыйын болмок. Ошондуктан кандайдыр бир тапшырманы аткарганы көрүнүп калды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Коомдук каналга жаңы жетекчи тандалды

КТРКнын жаңы жетекчиси болуп Жайнак Үсөн уулу тандалып алынды. Жаңы жетекчи КТРКнын Байкоочу кеңешинин 15 мүчөсүнүн 13 добушун алып тандалды.

Azattyk.org 

Момбеков: УКМКга мен тууралуу Жогорку соттун төрайымы арызданган

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) чакырылганы тууралуу «Азаттыкка» комментарий берди. Анын айтымында, ТЭЦ-2 конушунун тургундары менен жолугушууда сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу алгач тергөөчү чакырган. Ага барбай койгон соң УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов чакырганын билдирди. Анда Жогорку соттун төрайымынан кат келгенин айтышып, бирок көрсөтүшкөн эмес. Эл өкүлү муну саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып, кийинки... Читать дальше...

Azattyk.org 

Беш-Күнгөйдө башына ок жеген аялдын абалы оор

Чүй облусунун Беш-Күнгөй айылындагы карактоодо жараат алган аялдын абалы оор. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Чүй облустук биргелешкен оорукананын директорунун орун басары Нуралы Матаипов билдирди. Анын айтымында, жубайлар Марина жана Борис Совелевдер 6-мартта түнкү саат үчкө жакын "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилген. - Келинчегинин башына, оң тарабына ок атылган. Мындан сырткары мээси катуу чайкалган. Күйөөсүнүн бет сөөктөрү сынган, мээси чайкалган. Марина Совелеванын абалы жакшыргандан кийин башын томографияга тартып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ооганстанда жанкечтинин кош жардыруусунан 16 киши мүрт кетти

Ооганстандын чыгышындагы Желалабад шаарындагы курулуш компаниясында жанкечтинин кош жардыруусунан кеминде 16 кишинин өмүрү кыйылганын өлкө бийлиги билдирди. Нангархар провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Аттаулла Хогианинын айтканына караганда, үч согушкер Желалабад шаарынын аэропортуна чукул жердеги курулуш компаниясын курчоого алган.   Жанкечтинин жардыруусунан кийин коопсуздук күчтөрү менен согушкерлер атыша баштаган. Губернатордун басма сөз кызматы билдиргендей, кеминде 16 киши мүрт кетип, 10 адам жарадар болду. Читать дальше...

Azattyk.org 

КТРКны Жайнак Үсөн уулу жетектемей болду (видео)

КТРКнын жаңы жетекчиси болуп Жайнак Үсөн уулу тандалып алынды. Жаңы жетекчи КТРКнын Байкоочу кеңешинин 15 мүчөсүнүн 13 добушун алып тандалды.  КТРКнын башкы директору 19-мартта ишине киришет. Бул тууралуу Байкоочу кеңештин жетекчиси Жыпар Жекшеев айтты. Анткени КТРКнын учурдагы директору Илим Карыпбековдун мөөнөтү 19-мартта аяктайт. Ага чейин Карыпбеков жаңы шайланган жетекчиге документтерди өткөрүп берет. 1-мартта телеканалдын директорлугуна талапкер болгон 17 кишинин ичинен сегизи: Ибраим Нуракун уулу... Читать дальше...

Azattyk.org 

Отунбаева: жалаң эркектерди дайындаган өкмөт башчыга нааразыбыз (видео)

Кыргызстанда жетектөөчү кызматтарга аялдар дайындалбай жатат. Мындай сын 6-мартта Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденцияда өткөн форумда айтылды. Экс-президент Роза Отунбаева көп учурда Кыргызстандын жүзүп көрсөтүп, желегин аялдар көтөрүп жатканын белгиледи: - Аймактык диалогдо кара түндөй болуп отурган эркектерди көрүп чочуп да кеттик. Эркек парламент келген учурда да мындай эмес эле. Форумга премьер-министр келсе анын көзүнө да айтат элем. Буйруктун, дайындоонун баары премьердин колунда. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусиядагы өрттөн эки кыргызстандык жабыркады

Орусиянын Владимир облусундагы Гороховец шаарында «Русджам» пластик шише чыгаруучу ишкананын аймагында өрт чыгып, жети киши жабыркаган. Анын экөө Кыргызстандын жарандары экенин Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады. Өрт 5-март күнү кечки саат 18:15те башталган. Учурда 28 жаштагы жигит Гороховец шаарынын ооруканасына, ал эми 33 жаштагы жигит «Приволжск медициналык изилдөө университетине» жеткирилген. Дарыгерлер жабыркагандардын абалы оор экенин айтып жатышат.  Мурдараак ТАСС маалымат агенттиги... Читать дальше...

Azattyk.org 

Петрушевский Балдарды реабилитациялоо борборунун жетекчилигинен бошотулду

Алексей Петрушевский Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун жетекчилигинен бошотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Петрушевский Эмгек кодексинин 326-беренесинин 2-пунктуна, 82-берененин 12-пунктуна ылайык Социалдык өнүгүү башкармалыгынын чечими менен кызматтан алынды. (83-берене «Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуу», 326-берене «Уюмдун жетекчиси менен эмгек келишимин бузуу үчүн кошумча негиздер» – 1-пункту банкроттук... Читать дальше...

Azattyk.org 

Атууга кеткен Абдрахман Булатов

Абдрахман Булатов кедей-дыйкан катарынан акылы, аракети менен суурулуп чыккан алгачкы муун партиялык кызматкерлерден болчу. 1938-жылы ноябрда атылып, сөөгү 1991-жылы «Ата-Бейитке» коюлган.

Azattyk.org 

Алжирде президенттин дымагы элди көтөрдү

Алжирде мамлекет башчы, 82 жаштагы Абделазиз Бутефликанын бешинчи президенттик мөөнөткө ат салышуу ниети элди көчөгө чыгарды. Президент 2014-жылы мээсине кан куюлгандан кийин эл алдына дээрлик чыкпайт.

Azattyk.org 

Экс-мэрлер Кулматов менен Ибраимовдун соту 13-мартка жылды

Ленин райондук сотунда каралып баштаган Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишин кароо 13-мартка жылдырылды. Ага адвокаттардын айрымдары келбей калганы себеп болгон. Бул тууралуу «Азаттыкка» адвокат Сергей Слесарев билдирди: - Үч адвокат жок болду. Андан сырткары сот ишти кароого даяр эмес экенин адвокаттар билдиришти. Бүгүн, 6-мартта Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иштери бириктирилип карала баштаган. Жалпысынан... Читать дальше...

Azattyk.org 

ЖЭБ: коррупция үчүн айыпталган сегиз кишинин соту белгисиз мөөнөткө жылды

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталып жаткан сегиз адамдын соттук иши белгисиз мөөнөткө жылды. Буга адвокаттардын «ЖЭБди модернизациялоодо мамлекет 111 миллион доллар зыян тарткан» деген экспертизанын корутундусу боюнча Бишкек шаардык сотуна даттануусу себеп болгон. Буга чейин Свердлов райондук соту адвокаттардын аталган корутундуну далилдердин катарынан алып салуу боюнча өтүнүчүн канааттандырган эмес. Бул тууралуу Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев билдирди... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бир жылда айыл чарбасына 1,7 млрд. сом бөлүнөт

Айыл чарба тармагына бир жылда 1 млрд. 700 млн. сом бөлүнөт. Анын 82% суу чарба департаментине жумшалат. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев парламенттин жыйынында билдирди. Акчанын калган бөлүгү министрликтин борбордук аппаратына жана жети департаментке бөлүнөт. Депутат Алмазбек Батырбеков министрликте координациялоонун жоктугун, талдоо жүргүзүлбөй жатканын сынга алды. Аталган министрлик коомчулук нааразы болуп, сын-доомат айтылган мекемелердин сап башында. Читать дальше...

Azattyk.org 

Беш-Күнгөйдө каракчылар жубайлардын 310 миң долларын уурдап кетишти

Чүй облусунун Беш-Күнгөй айылында каракчылар автоунаада келе жаткан жубайлардын 310 миң доллар акчасын тоноп кетишти. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. 6-мартта эки белгисиз киши «Субару Форестер» үлгүсүндөгү автоунаа менен келип, «Тойота-Хайлендер» үлгүсүндөгү автоунааны сүзүп токтогон. «Субаруда» отурган эки каракчы «Тойотанын» жүргүнчүлөрүнө курал такап, алардын жанындагы 310 миң долларын тоноп кеткен.  «Тойотанын» жүргүнчүлөрү 53 жаштагы киши жана анын 57 жаштагы жубайы экени аныкталды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Улут өкүлдөрү уят кылбаса...

Сауд Арабиясына этнофестивалга барган кыргызстандыктардын жүрүм-туруму кызуу талкууга түштү.

Azattyk.org 

Кыргызстандын үч өлкөдөгү элчиси дайындалды

Президент Сооронбай Жээнбековдун 6-марттагы жарлыгы менен Муктар Жумалиев Бельгияга, Мирослав Ниязов Ооганстанга, Мирлан Арстанбаев Жапонияга элчи болуп дайындалышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Алардын талапкерлигин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук боюнча комитети колдогон. Буга чейин Ниязов Тажикстанда элчи, Жумалиев АКШда, Арстанбаев Стамбулда башкы консул жана "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп иштеген. (КЕ)


Яд на завтрак, обед и ужин: Мигранты добрались до ветеранов боевых действий

Актуальная мировая повестка из зазеркалья на ...

Делайте взносы! Как в регионах справляются с дефицитом социальной инфраструктуры

Россияне ищут свою "Италию": эксперт о привлечении туристов в Томск



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Ефимов: неэффективно используемые участки в СВАО реорганизуют по программе КРТ

Шолохов: введение профессиональных стандартов для писателей оправдано

День в истории: 28 сентября

Лавров заявил о необходимости немедленной остановки эскалации на Ближнем Востоке

Музыкальные новости

Лукашенко назвал условие, при котором Минск применит ядерное оружие

С номером 666. Audi влетела в фуру на скорости 300 км/ч в Подмосковье

Metallica — Harvester Of Sorrow (Москва, Тушино, 28.09.1991)

Мы тоже можем: Google в Европе подала антимонопольную жалобу на Microsoft

Новости России

Делайте взносы! Как в регионах справляются с дефицитом социальной инфраструктуры

Заммэра Москвы Ефимов: в СВАО по КРТ построят жильё, гостиницу и медцентры

Лавров заявил о необходимости немедленной остановки эскалации на Ближнем Востоке

Яд на завтрак, обед и ужин: Мигранты добрались до ветеранов боевых действий

Экология в России и мире

От аспирина до фосарбина. За что любили народного академика Арбузова?

Азербайджанца-русофоба Амида Юсубова, призывавшего ненависти к русским, приговорили к 3,5 годам заключения

Олимпийские ценности: доступное жилье в Иваново сдадут по улучшенному стандарту

Chloe, коллекция весна-лето 2025

Спорт в России и мире

Даниил Медведев обыграл Гаэля Монфиса и вышел во 2-й круг турнира ATP-500 в Пекине

Павлюченкова объявила о досрочном завершении сезона

Камилла Рахимова вышла во второй круг WTA-1000 в Пекине, обыграв Кимберли Биррелл

Томми Пол уступил Томашу Махачу во втором круге турнира ATP-500 в Токио

Moscow.media

Сегодня свой 65-летний юбилей отмечает Заслуженный спасатель Российской Федерации, член Высшего Совета Общероссийской общественной организации "Российский союз спасателей" Литюк Николай Петрович

В Ленинском районе Крыма проверили бывших мигрантов, не вставших на воинский учет

Интервью с вампиром

Для ремонта дорог в Петербурге в 2025 году ищут подрядчиков







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *