Ооганстанда президенттик шайлоо сентябрга жылды
Июлга белгиленген президенттик шайлоону сентябрга жылдыруу чечими кабыл алынганын 20-мартта Ооганстандын Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын төрайымы Хава Алам Нуристани маалымдады. Анын айтымында, мындай чечим бийликке добуш берүүнү мыкты уюштуруу үчүн убакыт берүү жана былтыр октябрдагы парламенттик шайлоодо аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн кабыл алынды. Шайлоонун датасы ушуну менен экинчи жолу жылдырылып жатат. Президенттик шайлоо биринчи 20-апрелге белгиленген, андан кийин 20-июлга жылдырылган. Читать дальше...