Якутияда айрым тармактарга мигранттарды ишке алууга тыюу салынды
Якутиянын (Саха Республикасы) башчысы Айсен Николаев быйылтан тартып мигранттарга иштөөгө тыюу салынган тармактардын тизмесин кеңейткен буйрукка кол койду. Бул тууралуу маалымат 28-мартта аймак башчысынын расмий сайтында жарыяланды. Тактап айтканда, патенттин негизинде эмгектенген чет өлкөлүк жарандарга азык-түлүк, суусундук, кийим-кече өндүрүшүндө, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында иштөөгө болбойт. Ошондой эле алар шаарларда жана шаар айланасында транспорттук автоунаа, такси жана жүк ташуучу автоунаа айдай алышпайт. Читать дальше...