Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Германияга болгон иш сапарында Оштогу "Кыргыз текстиль" ишканасына бериле турган 17,5 миллион евролук инвестициялык келишимге кол коюлду.
Текстиль кластери жалпысынан тогуз ишкананы камтыйт. Алардын баары жети жыл ичинде курулуп бүтөт.
Ишканада токуу фабрикасы, кездемени жана жипти боёо өндүрүшү, терини кайра иштетүү, бут кийим чыгаруучу фабрика жана башкалар бар.
Ишкананын инфраструктурасында оорукана, мектеп, бала бакча, колледж, ашкана, 600 кишиге ырасталган мейманкана... Читать дальше...