Түрк элчисине окшош адам муфтиятка таарынган видео тарады
Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарымдуу элчиси Женгиз Камил Фыратка түспөлдөш адам Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына нааразы болгон видеосу Интернетке тарады. Видеодо Бишкектеги ресторандардын биринин алдында ал "ресторанга ооз ачуу үчүн кирбейм" деп айтып жатканы тартылган. Элчиге окшош киши: “Эмне үчүн мени террорчу Орхан Инанды менен кошо чакырдыңар? Ушундай да болобу? Биздин мамлекет силерге 35 миллион доллардык мечит салып берсе, бизге жасаган мамилеңер ушулбу? Мындан ары муфтият жөнүндө уккум да келбейт”... Читать дальше...