Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Июнь
2019

Новости за 22.06.2019

Azattyk.org 

Атамбаевдин Кой-Таштагы «козголоңу»

Экс-президент Алмазбек Атамбаев ага коюлган дооматтардын баарын «калп» деп мүнөздөдү. Ал бул тууралуу 22-июнда Кой-Таш айылындагы үйүндө тарапташтары менен жолукканда айтты.

Azattyk.org 

Меркел: Иран боюнча кырдаалдан чыгуунун саясий жолдорун издеш керек

Эл аралык коомчулук Иран боюнча түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун саясий жолдорун издеп табышы керек. Германиянын канцлери Ангела Меркел бүгүн, 22-июнда ушудай пикирин билдирди. - Биринчиден, менде үмүт бар. Экинчиден, мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чеги жок деп айта албайбыз. Саясий чечим болушу зарыл. Биз дал ошону ойлоп жатабыз, - деди ал. Меркелдин айтымында, бул маселе "Чоң жыйырманын" (G20) 29-июнда Жапонияда өтө турган саммитинде талкууланат. 20-июнда Иран АКШнын учкучсуз учагы өлкөнүн аба мейкиндигин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Москва: кыргыз мигранттар театр ачышты

Москвада мигранттардын "Аян" деп аталган кыргыз театры түптөлдү. 18-июнда чакан чыгармачыл топ көрүүчүлөргө «Падыша оюну» пьесасын тартуулады. Театр уюштуруу демилгесин Орусияда 17 жылдан бери иштеп жүргөн Айнаш Козубаева көтөрүп чыккан.

Azattyk.org 

Грузия: Көчөгө чыккандар тарады, акция кечинде уланары айтылды

Грузиянын борбор шаары Тбилисинин Руставели  көчөсүндө жол кыймылы кайра калыбына келди, парламент алдына чогулгандар тарап кетишти. "Азаттык" радиосунун грузин кызматы кабарлагандай, топтолгон полиция кызматкерлери да көрүнбөйт.  Оппозиция нааразылык акциялары кечки саат 7де уланарын, ички иштер министринин отставкасы жана мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү талаптары коюларын айтып жатат. Өкмөт 20-июнда кечинде жана жумага караган түнү демонстранттар менен полициянын кагылышуусунда 240 киши жарадар болгонун... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ноокенде жоголгон эки жашар наристе бир күндөн кийин аман табылды

Жалал-Абадда куткаруучулар дайынсыз болуп жаткан эки жашар наристени бир күндөн кийин аман-эсен таап алышты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя Ноокен районунун Жерде-Айгыр жайлоосунда 20-июнда болгон. Куткаруучулар милиция жана жергиликтүү тургундар менен чогуу издөө иштерин жүргүзүп, 21-июнда баланы жашаган жеринен беш чакырым алыстыкта сай бойлоп бара жаткан жеринен таап, ата-энесине өткөрүп беришти. Баланын ден соолугу, абалы жакшы экени айтылды. (RsK)

Azattyk.org 

Жайыт талашкандар нааразылык акциясына чыгышты

Нарын районундагы Жерге-Тал айылынын 200дөй тургуну 22-июнда жайлоодо нааразылык акциясын өткөрдү. Алар Кум-Бел жайлоосунан Кочкор районунун малчылары тез арада көчүп кетишин талап кылууда. Ал эми кочкорлуктар ал жерде мыйзамдуу отурганын, кийинки жылга чейин эч кайда жылбай турганын айтууда. Жергеталдыктар быйыл Кум-Белге Кочкордон он малчы 3000дей майда жандыгы жана 500дөн ашык бодо малы менен көчүп келерин айтып нааразы болуп жатышат. Азыр ал жерде кочкордук эки малчы мал жандыгы менен жайгашып отурат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыйноого каршылар футбол ойношту

Бишкекте Кыйноонун курмандыгы болгон адамдарга колдоо көрсөтүүнүн эл аралык күнүнө карата кичи футбол боюнча мелдеш өтүп жатат. Акыйкатчы институту менен “Голос свободы” уюму уюштурган иш-чара Футбол федерациясынын оюн талаасында уюштурулуп, ага жүздөн ашык оюнчу катышууда. 26-июнь – Кыйноого кабылгандарды колдоонун эл аралык күнү.

Azattyk.org 

23-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

23-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу болот. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап... Читать дальше...

Azattyk.org 

Финполдун башчысы “Азаттыктын” иликтөөсүндөгү эки адам менен тууган экенин ырастады

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финпол) башчысы Бакир Таиров “Азаттыктын” Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион доллар тууралуу иликтөөсүндө аты аталган эки адамдын аны менен туугандык байланышы бар экенин ырастады. “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып Таиров Чолпон Элмуратова анын 2016-жылы жол кырсыгынан каза болгон бир тууган инисинин жубайы, ал эми Токтосун Туманбаев эң кичүү карындашынын күйөөсү экенин айтты. “Бирок аларга тиешем жок. Мен бир туугандарым ким менен байланышарын сурабайм. Читать дальше...

Azattyk.org 

Атамбаевдин тарапкерлери анын Кой-Таштагы үйүнө чогулууда

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндө иш-чара өтүп жатат. "Апрель" телеканалы Фейсбуктагы баракчасынан түз көрсөтүп жаткан бул иш-чараны жарандык жыйын деп атоодо. Болжол менен 250дөн ашык адам чакырылган. Алар Чүй, Ысык-Көл, Талас облустарынын тургундары экени айтылды. Жогорку Кеңештин депутаттары Карамат Орозова, Асель Кодуранова жана Анвар Артыков да барышты. Чогулгандардын алдына Атамбаев өзү да жубайы менен барды. Жыйында сүйлөгөндөр Атамбаевге карата мыйзамсыз аракеттер жүрүп жатканын айтууда. Читать дальше...

Azattyk.org 

Саясий кармаш көмүр чырын эске салды

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин кароо боюнча парламенттин атайын комиссиясы ага коюлган алты айыптын бири катары мындан беш жыл мурун Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алуу тендериндеги коррупциялык чатакты киргизди.

Azattyk.org 

Тажикстанда балдар алты жашар кызга от коюшту

Тажикстанда үч өспүрүм алты жашар кызга от койду деп шектелүүдө. “Азаттыктын” тажик кызматы өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып жазганына караганда, окуя 19-июнда борбор шаар Душанбеден алыс эмес жерде болгон. Кыз денесинин 65% күйүп, оор абалда ооруканага түшкөн. Кылмышка шектүү деп үч өспүрүм кармалды. Окуяга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. 21-июнда «Фараж» басылмасы балдар кызды короонун тосмосуна байлап, от коюшканын жазды. Кыздын атасы алар коңшу айылдан келгенин, ата-энеси карабай... Читать дальше...

Azattyk.org 

Иран АКШ чабуул баштаса «тарыхый жообун» аларын эскертти

Тегеран эгер АКШ Иранга карата агрессивдүү чара көрсө кесепети оор болорун эскертти. Бүгүн 22-июнда бул өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы Иранга каршы кандай гана кадам жасалбасын, "тарыхый жообун" аларын билдирди. АКШ президенти Дональд Трамп америкалык дрондун атып түшүрүлүшүнө жооп иретинде Иранга каршы сокку уруу буйругун бергенин, бирок чабуулга 10 мүнөт калганда токтотконун, себеби 150дөй киши өлүшү мүмкүн деген маалымат түшкөнүн билдирген.  Иран Ислам революциясынын сакчылары корпусу... Читать дальше...

Azattyk.org 

Атай Өмүрзаковдун «Totem Show» тобу Кытайдагы таймашта финалга чыкты

Бийчи Атай Өмүрзаков жетектеген «Totem Show» тобу Кытайда World’s Got Talent таланттар шоусунун финалына чыкты. Бул тууралуу Өмүрзаков Фейсбуктагы жеке баракчасына жазды. Ошентип, кыргызстандыктар быйылкы сезондогу эң мыкты деген сегиз артисттин катарына киришти. Долбоорго дүйнө жүзүнөн 50 мамлекеттин өкүлдөрү катышууда. Жарым финалда «Totem Show» Венгриядан, Монголиядан,  АКШдан, Испаниядан жана Ирландиядан баргандар менен ат салышты. Өнөр таймашынын финалы 11-июлда Кытайдын Чанша шаарында өтөт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Көчмө клиника Нарындын алыскы айылдарын кыдыра баштады

Саламаттыкты сактоо министрлиги уюштурган Көчмө мобилдик клиника бүгүн 22-июндан тартып Нарын облусунда иштей баштады. Доктурлар Ат-Башы, Жумгал райондорун, облустун бардык алыскы айылдарын кыдырышат. Буга чейин клиника Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй облустарында болгон. Нарындан кийин Ошко барат. Алыскы айылдардын тургундарын офтальмолог, отоларинголог, эндокринолог, кардиолог, педиатр, гинеколог, невропатолог, маммолог, уролог доктурлар текшерүүдө. ВИЧ/СПИДге да ошол жерден анализ тапшырып, жыйынтыгын алса болот. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстандык токойчулар Түркияда тажрыйба алмашууда

Кыргызстандык 11 токойчу Түркияда токойдогу өрт коопсуздугу боюнча окуудан өтүп жатышат. Теориядан тышкары бул иш-чаранын алкагында түрк адистери кыргызстандык кесиптештерине Анталия аймагындагы токойлорду кыдыртып, өрттөн коргоо багытында тажрыйба бөлүшүшөт. Түркиянын Анталия шаарынын Токой чарба башкармалыгы уюштурган иш-чарага 16 өлкөдөн 300гө жакын токой инженери катышууда. Түркиянын Токой жана суу министрлигинин статистикалык маалыматына караганда, 2018-жылы бул өлкөдө 120 миң гектарга жакын токой өрттөнүп кеткен. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Дин менен саясаттын жуурулушканы кооптуу"

Диний кырдаал соңку жылдары глобалдык мааниде актуалдуу маселеге айланганы менен Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин азыркы чакырылышында диний саясатты жандандыруу аракети байкалбайт.

Azattyk.org 

Финпол: Матраимовдун мүлкүн текшерип бүтүп калдык, эч жактан басым болгон жок

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финполиция) Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерип бүтүп калды. Мекеменин башчысы Бакир Таиров 18-июнда “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берип жатып “ушул жумада жыйынтыгын чыгарабыз” деп билдирди. Ал тергөө учурунда Финполго эч бир тараптан кысым же басым болбогонун айтты: - Тергөө тобуна тажрыйбалуу тергөөчүлөр кирген. Тергөөнүн өз мөөнөтү бар. Ошол боюнча иш алып баруудабыз. Мына, бүгүн 18-июнь, ушул жума биз жыйынтыгын чыгарабыз. Мен жогору... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жээнбеков мамкызматкерлерге тарыхый чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн эскертти

“Биз заманбап, коррупциядан арылган коомду куруп, глобалдуу санарип экономикасында өз ордубузду табышыбыз керек” деп билдирди бүгүн 22-июнда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков. Президент бул тууралуу Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамына карата жолдогон куттуктоосунда айтты. Ошону менен катар мамлекет башчысы “Ар бириңиздерге элибиздин жана өлкөбүздүн тагдыры үчүн тарыхый чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн унутпаңыздар” деп кайрылды. Кыргызстанда мамлекеттик кызматта... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ошто Фергана каналына агып кеткен экөө жубайлар экени айтылууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова “Азаттыкка” билдиргенине караганда, 20-июнда саат 13:50 чамасында Араван районунун Нурабад айыл аймагынын Кайрагач-Арык айылынын тургундары, бир эркек жана бир аял сууга агып кетишкен: - Ошол күндөн тартып биздин министрликтин куткаруучулары жергиликтүү ыктыярчылар жана милиция кызматкерлери менен чогуу издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Азырынча табыла элек. Бүгүн да 24 куткаруучу издеп жатат. Айрым маалыматтарга караганда, алгач сууга келин түшүп кеткен... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өкмөт бийчи Фарух Садыркуловго 50 миң сом бөлдү

Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдыңкы солисти Фарух Садыркуловго кыргыз өкмөтү 50 миң сом сыйлык тапшырды. Бүгүн 22-июнда Садыркуловду жана анын апасын вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова кабыл алып, Москвада өткөн сынакта биринчи орунду ээлегени үчүн ыраазычылык билдирди. «Алгачкы жолу биздин өлкөнүн катышуучусу жогорку деңгээлдеги сынакта биринчи орунду алды. Бул сыяктуу жеңиштер жана жетишкендиктер өлкөдө балет өнөрүнүн кайра жанданышына негиз болуп, сиз сыяктуу... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ошто балдардын демократиялык жайкы лагери ачылды

“Жаш аракет” деп аталган демократиялык жайкы лагерь Ош шаарынын Туран кичи районунда, №41 орто мектепте уюштурулган. Лагерди “Интербилим” коомдук уюму менен Туран муниципалдык башкармалыгы өнөктөшүп, атайын меморандумдун алкагында ачышты. “Интербилим” коомдук уюмунун Оштогу өкүлү Гүлгакы Мамасалиева “Азаттыкка” билдиргени боюнча, лагерде балдар өз укуктарын үйрөнүү менен демократиянын негиздерин да окуп чыгышат: - Балдар демократия түшүнүктөрүн жашоо-турмушунда кантип айкалыштырып колдоно алышат, мына ушуну да үйрөнүшөт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Талас шаарынын 75 жылдыгы белгиленип жатат

Бүгүн Таласта шаардын 75 жылдык мааракеси өтүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” калаа башчы Айдарбек Жузупбеков билдирди. Учурда спорттун жети түрү боюнча мелдештер өтүүдө. Ал эми кечинде ырчы-чоорчулардын катышуусунда чоң программадагы концерт уюштурулат. Шаардын түптөлүшүнө арналган иш-чараларды уюштурууга мэриянын бюджетинен 200 миң сомдун тегерегинде каражат каралган. Талас шаар макамын 1944-жылы 22-июнда алган. Ага чейин Ак-Чий айылы болчу. Калкынын саны 35 миңден ашык адам. (AlS)


Более 40 человек вакцинировались в мобильном ФАПе в Чехове за месяц

База ЧВК «Вагнер» загорелась под Краснодаром

Жилье в новостройках у Москвы-реки подорожало за год на 26%

21 сентября в Москве ожидается переменная облачность, без осадков



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Приемная дочь Понаровской не позвонила певице после смерти ее сына

День воинской славы России. Куликовская битва

Набор в резерв сборных для участия в школьных олимпиадах объявили в Москве

От заморозков к плюс 20: какой будет погода в Москве в последнюю неделю сентября

Музыкальные новости

Ирина Дубцова запустила амбициозный проект для российских семей

Как и где заказать вкусные бургеры на дом?

Олег Николаев (Санкт-Петербург): На отдаленных и малонаселенных территориях МСП будет сложно, но это уже вопрос территориального развития

В Республике Таджикистан стартует проект «Русский язык: читаем, слушаем, смотрим в странах СНГ»

Новости России

Стало известно, как яблоки помогают человеку бороться со старением

Набор в резерв сборных для участия в школьных олимпиадах объявили в Москве

База ЧВК «Вагнер» загорелась под Краснодаром

Приемная дочь Понаровской не позвонила певице после смерти ее сына

Экология в России и мире

Криптовактивы и новости блокчейн: с чего начать изучение?

Сырые и опасные. Какие продукты могут заразить вас паразитами

Золото, гранат и жемчуг: стилист «585*ЗОЛОТОЙ» составила топ ювелирных трендов осени 2024

Экскурсия для студентов прошла в «Маринс Гранд Отель Астрахань»

Спорт в России и мире

Касаткина вышла в 1/4 финала турнира WTA в Сеуле

Котов проиграл О'Коннеллу в первом круге турнира ATP в Чэнду

Ига Швёнтек снялась с турнира категории WTA-1000 в Пекине

Россиянин Алибек Качмазов вышел в основную сетку турнира ATP-250 в Чэнду

Moscow.media

Решение DCLogic повысит безопасность и эффективность шахт

В Санкт-Петербурге состоится Международный фестиваль робототехники «РобоФинист 2024»

Елена и Рокки

Полноводный Студёный...







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *