Аялдар арасындагы футбол чемпионатында АКШ жеңди
Франциянын Лион шаарында өткөн Аялдар арасындагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалында Кошмо Штаттардын командасы Нидерландын спортчуларын 2-0 эсебинде жеңди. Биринчи голду оюндун 61-мүнөтүндө Меган Рапино тепсе, экинчи топту атаандашынын дарбазасына Роуз Лавелль киргизди. Ушуну менен Кошмо Штаттардын командасы төртүнчү ирет дүйнөлүк мелдеште чемпион болду. 2015-жылы Канадада өткөн мундиалда да америкалык кыз-келиндер биринчи орунду ээлешкен.