Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Июль
2019

Новости за 10.07.2019

Azattyk.org 

АКШ соту Трампка «Твиттердеги» сынчыларын бөгөттөөгө тыюу салды

Нью-Йорктун апелляциялык соту АКШнын президенти Дональд Трампка «Твиттердеги» жеке баракчасына катталгандардын мүмкүнчүлүктөрүн чектөөгө тыюу салды. Сот чечимди АКШ Конституциясындагы жарандардын сөз эркиндиги тууралуу беренелерине таянып чыгарган. Буга чейин да Нью-Йорктун округдук соту ушундай эле чечим чыгарган.  Бирок АКШнын Юстиция министрлиги бул маселе байланыштуу Нью-Йорктун округдук сотунун чечимин сындаган. Министрликтин маалыматы боюнча, Трамп жеке баракчасында болгону түрдүү маселелер... Читать дальше...

Azattyk.org 

11-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

11-июлда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37; Таласта түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37; Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29; Нарында түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15 градус болот. Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 35…37° болот.

Azattyk.org 

Кыянбек Сатыбалдиев: Коопсуздук кеңешинин чечимдери аткарылбай жатат

Президентке караштуу Коопсуздук кеңешинин тоо-кен тармагындагы абалды жөнгө салуу боюнча чечимдерин айрым мекемелердин жана агенттиктердин жетекчилери көзгө илбей жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Чаткал районунун тургундары менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.  - Быйыл эки жолу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Абдыкалык Рустамовду, Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси боюнча агенттиктин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Беларус Орусияга карызынан кутулуш үчүн Кытайдан акча алат

Беларустун финансы министринин орун басары Андрей Белковецтин кабарлашынча, Кытайдан 600 миллион доллар карыз алуу боюнча сүйлөшүүлөр аяктады. Бул каражат Беларустун Орусиянын алдындагы каразын төлөөгө жумшалмакчы.  - Биз Орусиядан дагы бир насыя алууну пландаганбыз, бирок кытайлык өнөктөштөрүбүздөн альтернатива тапканыбызга байланыштуу биз аны токтоттук, - деди Белковец 9-июлда. Бир канча апта мурда финансы министри Максим Ермалович Орусия менен эки тараптуу талаш маселелер көбөйүп кеткендиктен... Читать дальше...

Azattyk.org 

Укук коргоочулар абактагы Цоповадан кабар алышты

Кыйноонун алдын алуу борборунун кызматкерлери кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу кармалган лаборант Ирина Цоповадан кабар алышты. Борбордун жетекчиси Нурдин Сулаймановдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, лаборант өзүнүн абалы тууралуу даттанган эмес. Ошондой эле ден соолугу өтө оор эмес экенин айтып, «буту чирип жатат» деген маалыматтар ырасталбаганын белгиледи. Буга чейин Ирина Цопованын сынган буту ириңдеп кеткени, ал бутунан ажырап калышы ыктымал экени тууралуу маалыматтар чыккан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Франция авикаттамдарга экологиялык салык киргизет

Франциянын өкмөтү өлкөдөгү аэропорттордон жүргүзүлгөн бардык авиакаттамдарга кийинки жылдан тартып экологиялык салык киргизүүгө камынууда. Салыктын өлчөмү билеттин баасына жараша болмокчу. Транспорт министри Элизабет Берндин айтымында, Франция айлана-чөйрөнү коргоо максатында башка өлкөлөрдөн үлгү алууну чечти. Кийинки жылдан тартып Францияда учкан жүргүнчүлөр билет үчүн азыркыдан кымбатыраак акы төлөөгө туура келет. Ички каттамдарга же Евробиримдиктин аймагындагы эконом класстагы билеттин баасына 1,5 евро кошулат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкектеги жол кырсыгында 12 киши жабыркады

Бишкекте машруттук такси менен жеңил машине кагылышып, 12 киши жабыркады. Бул маалыматты баш калаанын «Тез жардам» кызматы «Азаттыкка» ырастады. Маалыматка караганда, жол кырсыгы 10-июлда эртең менен Тоголок Молдо - Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жабыркаган 12 кишинин баары ооруканага жеткирилди. Арасында оор жараат алгандар да бар экени айтылды. Алардын тогузу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, үчөө Улуттук госпиталга жаткырылды.  9-июлда Ош-Бишкек жолундагы жол кырсыгында эки киши каза таап... Читать дальше...

Azattyk.org 

ТИМ Түркиядагы кыргызстандыктын өлүмү боюнча иликтөөнү көзөмөлгө алат

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Түркиянын Алания шаарында киши колдуу болгон кыргызстандык тууралуу маалымат таратты. Анда Стумбулдагы башкы консулдук сөөктү мекенине жөнөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы, «Пегасус Азия» аваикомпаниясы менен «Стамбул-Бишкек» маршруту аркылуу сөөктү бекер алып келүү макулдашылганы белгиленген. 7-июлдун таңында Анталия аймагынын Алания шаарында 23 жаштагы кыргызстандык Муктарбек Иманалиевдин жерде кыймылсыз, канга чыланып жатканын жергиликтүү каналдар маалымдаган. Читать дальше...

Azattyk.org 

МАГАТЭ Иран маселеси боюнча чукул жыйынга чогулат

Бириккен Улуттар Уюмунун өзөктүк ишмердикке байкоо жүргүзүүчү органы Иран маселеси боюнча 10-июлда чукул жыйын өткөрөт. Бул Тегеран 2015-жылы дүйнөлүк державалар менен түзүлгөн өзөктүк программасы боюнча келишимдеги шартты экинчи ирет бузгандан кийин болуп отурат. Эл аралык атомдук энергия агенттигинин (МАГАТЭ) башкаруучулар кеңешинин жыйыны АКШнын өтүнүчү менен 10-июлда Венада өтөт. Иран уран байытуунун деңгээлин 2015-жылдагы өзөктүк келишимде белгиленген 3,67% чектен ашырып, 8-июлдан тартып 4,5% чейин көтөрдү. Читать дальше...

Azattyk.org 

«Boeing» учак чыгаруучу эң алдыңкы компания деген атагынан ажыроодо

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жазганы боюнча, америкалык «Boeing» корпорациясы дүйнөдөгү жарандык авиация багытындагы учактарды чыгарган эң алдыңкы ишкана деген атагын өзүнүн Европадагы атаандашы «Airbus» компаниясына уттурууда. «Boeing» учак жасаган ишканалардын ичинен 2012-жылдан бери биринчи орунду ээлеп келе жаткан. Бирок былтыр жана быйыл анын «MAX 737» үлгүсүндөгү учагынын эки ирет кырсыкка кабылышы корпорацияга жаңы учак жасаткысы келгендерди азайтып, анын кирешесине оор сокку урду. Читать дальше...

Azattyk.org 

Оштогу олимпиадалык резерв мектеби жаңыланды

Ош шаарындагы Балдардын жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв мектеби БУУнун Баңгизатка жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан толук реконструкцияланып, жаңыланды. Башкармалыктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү «Азаттыкка» маалымдагандай, спорт мектебин оңдоо уюмдун «Жашоого кир» деп аталган долбоорунун алкагында ишке Катар өлкөсүнүн каржылык колдоосунда ишке ашты. Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы олимпиадалык резерв мектебинин футбол, волейбол, баскетбол ойнолуучу эки чоң залын, кийинүүчү... Читать дальше...

Azattyk.org 

Иркутск облусундагы ташкындан өлгөндөр 24 адамга жетти

10-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустагы расмий адамдарынын жаңы маалыматына караганда, дагы 10 адам дайынсыз болуп жатат. Ошондой эле суук сийген, катуу үшүп калган жана ар кандай жаракат алган 486 адам дарыланууда, алардын 116сы балдар. Буга чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү суу ташкыны 107 шаарды жана айылды каптап, 10 800дөн ашык үйгө суу киргенин, 30 000 адам көчүрүлгөнүн маалымдаган. Иркутскиде 25-июнда башталган нөшөрдөн улам беш чоң дарыядан суу ташкындаган. Суу каптаган аймакты тазалоо иштери жүрүп жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жаштардын күрөш боюнча Азия чемпионаты: Нуржигит финалда

Кыргызстандык балбан Нуржигит Кеңешбек уулу күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатынын финалына чыкты. Мелдеш ушу тапта Тайланддын Чонбури шаарында өтүп жатат. «Биргелешкен күрөш дүйнөсү» уюмунун сайтындагы маалыматына таянсак, Нуржигит Кеңешбек уулу грек-рим күрөшүнөн 67 килограммга чейинки салмакта килемге чыкты. Кеңешбек уулу мелдешти чейрек финалдан баштап, алгач кореялык Минсеоң Практы 11:2 эсебинде, жарым финалдык беттеште өзбек балбаны Умиджан Акхраровду 4:3 эсеби менен жеңди. ... Читать дальше...

Azattyk.org 

Түркия: Улуу Памир айылына Кыргызстандан мугалимдер алынат

Улуу Памир айылына Кыргызстандан мугалимдер алынат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев билдирди:  - Ван аймагындагы Улуу Памир айылына барган сапарымда айылдагы мектептин көйгөйлөрүн көрүп кайткам. Учурда Түркиянын билим берүү министри менен сүйлөшүп, Улуу Памир айылына Кыргызстандан келе турган эки мугалимдин айлыгын чечтик. Эми биздин Билим берүү жана илим министрлигине айылга келе турган мугалимдердин тандоосу боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатат.  Элчи... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жарандык активисттер зордукталган деген келиндин укугун коргоп митингге чыгышты

Бүгүн, 10-июлда жарандык активисттер Таласта зордуктоого кабылганы айтылган Калия Арабекованын укугун коргоп Башкы прокуратуранын имаратынын алдына митингге чыгышты. «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова «Азаттыкка» бул иш боюнча алты жылдан бери калыс чечим чыкпай келатканын билдирди:  - Калиянын тагдыры миңдеген кыргыз аялдарын кейитип жатат. Бүгүнкү күндө мыйзамдуулук орношу керек. Президент былтыр биз менен жолукканда да «сот системасы иштеши керек, акыйкат болуш керек... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аптанын урунттуу окуялары сүрөттөрдө

Жайкы ысык Европаны каптап, ал эми Түндүк Корея Ким Ир Сендин каза болгонунун 25 жылдыгын белгилөөдө. Испанияда болсо Сан-Фермин фестивалына келген көрүүчүлөрдү букалар тепсеп кете жаздашты.

Azattyk.org 

Бишкек ЖЭБи боюнча сотто күбөлөр суралууда

Бишкектин Свердлов райондук соту Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөө боюнча соттук териштирүүнү улантууда. 10-июлда күбөлөр суралып жатат. «Электр станциялары» ишканасынын тышкы байланыш бөлүмүнүн ошол кездеги жетекчиси Маматмуса Үкүбаев сөз сүйлөп, ошол кезде ТВЕФ Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) линиясы боюнча дагы насыя алып келишерин маалымдашканын билдирди. Ошондой эле бардык ноталарда аталган компания негизги аткаруучу экени көрсөтүлгөнүн айтты. Айыпталуучулардын бири, мурдагы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сууга чөккөндөр былтыркыдан көп

Кыргызстанда быйыл суудан ажал тапкан адамдар 60тан ашты. Буга эмне себеп? Адамдар сууга түшүүгө тыюу салынган жерде чөгүп кетип жатышабы же сууда сүзгөндү билбей туруп, өмүрүн тобокелге салгандар көппү?

Azattyk.org 

Ысык-Көлдө эки адам аракка ууланып каза тапты

Ысык-Көл районунун Бает айылынын 37 жана 59 жаштагы эки тургуну аракка ууланып каза болду. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, экөө чогуу отуруп спирт ичимдигин ичип, үйлөрүнө кеткен. Эртең менен ойгонбой калган. Бул маалыматты облустук милициянын басма сөз кызматы да ырастады. Окуя 6-июлда болгон.  Маркумдар жерге берилди, алардын биринин туугандары медициналык экспертизадан баш тартышкан. Ал эми экинчи адамдын үй-бүлөсү сөөктү экспертизага берген. Баштапкы маалыматтарга ылайык, бул эки жаран... Читать дальше...

Azattyk.org 

Депутаттын уулу катышкан жол кырсыгынын күбөлөрү изделүүдө

ИИМдин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы (ЖКККБ) 7-июль күнү таңга маал Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылынын жанында болгон кырсыктын күбөлөрүн издеп жатат. Бул тууралуу маалыматты башкармалыктын басма сөз катчысы Тилек Оторов өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырды. Окуяны көргөн-билгендер кырсыктын себептерин так аныктоо, объективдүү иликтөө үчүн изделип жатканы белгиленген. Жол кырсыгы 7-июль күнү таңга маал Бактуу-Долоноту айылынын жанында болгон. BMW X7 үлгүсүндөгү автоунаа «Lexus ES» менен кагылышып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өкмөт: айыппулга «Тез жардам» машинелери сатып алынат

«Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн айыппулдун бир бөлүгү «Тез жардам» кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 9-июлда кол койду. Бул күнү «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруунун алкагында өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө токтомго өзгөртүүлөр  киргизилгенин өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди... Читать дальше...


Незрячие в России вскоре смогут "увидеть" театральные постановки

В России растут цены на услуги стоматологов

Аномальная жара ожидается в Москве в первые дни июля

Самолет Анталья-Москва не мог взлететь несколько часов из-за неисправности



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Активистов и волонтеров из Химок поздравили с Днем молодежи

Аномальная жара ожидается в Москве в первые дни июля

Новый дизайн тематических проездных разработали в Москве ко Дню молодежи

Незрячие в России вскоре смогут "увидеть" театральные постановки

Музыкальные новости

Состоялась церемония вручения премии Men Today Trends

У инвесторов появилась возможность купить ЦФА на "Атомайзе" прямо в мобильном приложении Росбанка

Пер-во г.Люберцы-на призы БФ Люберецкий Квартал 24-30.06.2024

Певец Алекс Анохин стал участником III Всероссийской музыкальной ассамблеи

Новости России

Валерий Леонтьев вернулся из США в Россию для выступления на корпоративе

Новый дизайн тематических проездных разработали в Москве ко Дню молодежи

В России растут цены на услуги стоматологов

Сюрпризы из космоса ждут жителей Земли в июле

Экология в России и мире

«Авиаторы» возглавили рейтинг самых популярных солнцезащитных очков у россиян – «585*ЗОЛОТОЙ»

«Одна я умная в белом пальто стою»: почему люди преувеличивают свои добродетели и как бороться с их непрошенными советами

Деликатес в чаше: всего по чуть-чуть

За запрет туризма ответите: в Москве несостоявшийся турист разбил камнем посольство Норвегии в знак протеста против закрытой границы

Спорт в России и мире

Медведев проиграл Джоковичу на выставочном турнире перед Уимблдоном

Тарпищев: не стоит переоценивать победу Касаткиной на турнире WTA в Истборне

Жертва абьюза? В сети разнесли бросившую свою дочку Алесю Кафельникову

Теннисистка Калинская не примет участие в Олимпиаде, несмотря на допуск от МОК, сообщил Тарпищев

Moscow.media

...Есть чем платить, но я не хочу победы любой ценой. Памятник Виктору Цою в Санкт-Петербурге

Портативный ТСД корпоративного класса Saotron RT-T70

Врач рассказал об опасности заражения кишечной инфекцией при употреблении суши

Состоялась церемония вручения премии Men Today Trends







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *