Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Июль
2019

Новости за 30.07.2019

Azattyk.org 

Ош-Баткен-Исфана жолунун 17 чакырымына жаңы асфальт төшөлдү

Ош-Баткен-Исфана жолунун оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан тилкесинде 17 чакырым асфальт жаңыланды. Жалпысынан 33 чакырым (75-108) аралыкты оңдоо долбоорун азербайжандык «Алке Иншаат Санайи ве Тижарет» компаниясы ишке ашырууда. Анын техникалык жетекчиси Дмитрий Жафаров “Азаттыкка” билдиргенине караганда, курулушту жергиликтүү “Жагалмай” жана “Кызыл-Ордо” ишканалары жүргүзүүдө. Алар менен атайын келишим түзүлгөн: - Учурда Ош-Баткен-Исфана жолунун 75-92-чакырымына асфальт төшөлдү. Жумушчулар эки нөөмөт менен иштеп жатышат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ооганстан: куралдуу кагылыштарда өлгөндөр азайды

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясы бул өлкөдөгү жагдай тууралуу 30-июлда соңку баяндамасын жарыялады. Ага ылайык, жыл башынан бери ар кандай жаңжал, куралдуу кагылышта 1366 адам өлүп, дагы 2446 киши жараат алды. Уюмдун билдиришинче, адам өлүмү былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 27 пайызга аз катталды. 2018-жылы мындай көрсөткүч эң жогорку чекке жеткен эле. БУУ адам өлүмү азайганын кубаттады, бирок согуштун бейжай тургундарга тийгизген кесепет-залалы дагы деле чоң экенине өкүнүчүн билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Сибирь: токойлордогу өрттөн улам үч аймакта өзгөчө абал жарыяланды

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги токойлор өрттөнүп жаткандыктан Красноярск, Иркутск жана Буриятияда өзгөчө абал жарыялады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Анда табыгый кырсык айрыкча Якутия, Красноярск жана Иркутск облусунда эң көп катталганы айтылат. Президенттин Сибирь федералдык округу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү 29-июлга карата өрт чалган токойлордун аянты 1,6 миллион гектардан ашканын билдирди. "Гринпис" уюмунун Орусиядагы бөлүмү жергиликтүү тургундарды Сибирдеги... Читать дальше...

Azattyk.org 

Каримованын мүлкүнө федерациянын көзү түштү

Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримованын мүлкү азыркы президенттин күйөө баласы жетектеген Триатлон федерациясына берилиши мүмкүн. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.

Azattyk.org 

Кайыр кош, Токо, үзөңгүлөш агам!

Тарыхчы, профессор Токторбек Наматбек уулу Өмүрбековдун (27.3.1955 –– 30.7.2019) элесине багышталган кичүү кесиптешинин эскерүү макаласы.

Azattyk.org 

Дарыя агызып кеткен кыргыз чек арачысынын сөөгү Өзбекстандан табылды

Суу агызып кеткен кыргызстандык чек арачынын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылды. Бул тууралуу 30-июлда Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, №2030 аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер 19-июлда сыйгаланып, Ак-Булак дарыясына түшүп кеткен. Аны издөө иштерине Кыргызстан жактан да, Өзбекстан тараптан да куткаруучулар катышты. Суунун катуу агымы жоокерди окуя болгон жерден 11 чакырым алыс агызып кеткен. Аскердин сөөгүн Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери таап... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ошто жаштардын эл аралык форуму өтүп жатат

Ош шаарында “Ала-Тоодон Кара деңизге чейин” деп аталган эл аралык жаштар форуму 30-июль күнү ишин баштады. Ага Орусия, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстандан, ошондой эле Кыргызстандын жети облусунан жана шаарлардан активдүү жаштар катышууда. Форум Ош шаары быйыл Ош - түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп аталуусунун алкагында өтүп жатат. Катышуучулар түрк тилдүү өлкөлөрдүн жаштар саясатын өнүктүрүү жана миграция маселелерин чечүүдө жаштардын ролу жана кызматташуусу боюнча пикир алышып, тажрыйба бөлүшөт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кубанычбек Айбек уулу Азия жана Океания чемпионатында күмүш медаль тагынды

Кыргызстандык дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу дзюдо боюнча жаштар арасындагы Азия жана Океания чемпионатында күмүш медаль тагынды. Мелдеш ушу тапта Тайбейде өтүп жатат. Эл аралык дзюдо федерациясынын расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 29-июлда Айбек  уулу 60 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, мелдештин финалына чыкты. Финалдык беттеште ал жапониялык балбан Кондо Хаято менен күч сынашып, 2:0 эсебинде жеңилди. Алтын медалды жапон балбаны Кондо Хаято тагынса, Айбек уулуна күмүш байге тийди.... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чүй облустук соту Азимжан Аскаровду абакта калтырды

Чүй облустук сотунун коллегиясы Азимжан Аскаровду абактан бошотуу тууралуу өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты. Ишти Улан Садырбеков төрагалык кылган коллегия карап чыкты. Адвокат Валерьян Вахитов Аскаровду бошотууну суранган. Ал эми мамлекеттик айыптоо өмүрүнүн аягына чейин кесилген адамдын иши кайра каралууга жатпай турганын билдирген. Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондо 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген айып менен соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ноокатта унаа карактаган топ кармалды

Ноокатта автомашинанын ээсин коркутуп тартып алууга шектүү эки адам кармалды. Окуя 28-июлда болгонун "Азаттык" радиосуна Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. Кылмышка шектүүлөр “Дэу-Тико” үлгүсүндөгү автоунаанын ээсин коркутуп, машинасын тартып алганы тууралуу кабар келип түшкөн. Алар Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 22 жаштагы тургунун Кызыл-Кыядан Ноокат районунун Бел айылына жеткирип коюу үчүн жалдашкан. Бел айылына жеткенде айдоочуну бычак менен коркутуп, автоунаанын документтерин сурашкан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Саляновага жүрөгүнө байланыштуу жаңы оор диагноз коюлду

Дем жетпеген шартта кармалып жаткан Аида Салянованын жүрөк илдети өрчүп, тез арада операцияга муктаж болууда. Бул тууралуу 30-июлда «Азаттык» радиосуна анын сиңдиси Чынара Турдалиева билдирди. Турдалиеванын айтымында, тапшырган анализдердин жыйынтыгы чыгып, Саляновага панкардит деген жаңы диагноз коюлду. Бул илдет жүрөктүн бардык катмарларынын сезгениши менен мүнөздөлөт: - Улам күндөн күнгө абалы оорлоп баратат. Жүрөк деген оңой эмес да. Жаман нерсе болуп кетсе ким жооп берет деп биз аябай кабатырбыз. Читать дальше...

Azattyk.org 

UNODC: Жыл сайын 60 миңдей кыргыз жараны кулчулук коркунучуна кабылат

Жыл сайын Кыргызстандын 60 миңдей жараны өз өлкөсүндө же чет жакта кулчулукка кабылуу коркунучуна туш болот. Бул тууралуу бүгүн 30-июлда Бишкекте адам сатууга каршы жыйында Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизат жана кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын (UNODC) өкүлдөрү билдиришти. Кулчулукка кептелген аялдардын көбү сексуалдык кордукка кабылат, ал эми эркектер оор жумуштарга тартылат. Миграция кызматынын маалыматына караганда, 2017-жылы 175 адам кулчулуктан куткарылган. Көз каранды эмес укук коргоо уюмдарынын иликтөөлөрү боюнча... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кунакунов: Абакта аёосуз кыйноого кабылдым

2015-жылы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Кунакунов “террорчулукка кол кабыш кылган, курал-жаракты мыйзамсыз сактаган, мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген жана карактаган" өңдүү оор кылмышка шектелип, камакка алынган. Эки жылдан ашуун тергөө абагында отуруп, “Мыйзамсыз курал-жарак сактоо жана карактоо” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 10 жылга кесилген болчу.

Azattyk.org 

Боомдо жолго таш түшүп, бир машина жабыркады

Боомдо Бишкек менен Ысык-Көлдү байланыштырган жолго түшкөн таш тазаланып бүткөн, учурда жол кыймылына эч тоскоолдук жок. Бул тууралуу 30-июлда «Азаттык» радиосуна Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын өкүлү Ырысменди Бейшен уулу билдирди. Анын айтымында, окуя 29-июлдун кечинде Боом капчыгайында, Бишкек – Торугарт автотрассасынын 142-чакырымында болгон. - Төрт тилке жолдун бир жак тарабынын жарымына эле таш түшкөн. Адамдардан эч ким жабыркаган жок. Тоодон кулаган таш "Toyota Wish" жеңил машинасына тийген... Читать дальше...

Azattyk.org 

Адвокат соттон Аскаровду абактан бошотууну өтүндү

Чүй облустук сотунда укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши кайра каралып жатат. Отурумга Аскаров өзү катышкан жок. Адвокат Валерьян Вахитов аны абактан бошотууну суранды. Ал эми мамлекеттик айыптоо өмүрүнүн аягына чейин кесилген адамдын иши кайра каралууга жатпай турганын билдирди. Аскаровдун мыйзамдуу өкүлү Төлөкан Исмаилова бул соттук иш Кыргызстан үчүн маанилүү экенин, укук коргоочу негизсиз күнөөлөнүп жатканын белгиледи. Ишти Чуй облустук сотунун Улан Садырбеков төрагалык кылган коллегиясы карап жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Помпео: Трамп Ооганстандагы аскерлерди 2020-жылдын күзүндө кыскартууга ниеттенүүдө

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео президент Дональд Трамп Ооганстандагы аскерлердин санын 2020-жылдын күзүндө кыскартуу ниетинде экенин билдирди. Мындай билдирүүнү Помпео 29-июлда коммерциялык эмес Экономикалык клуб тышкы саясат боюнча Вашингтондо уюштурган талкуу учурунда айтты. "Кошмо Штаттар келерки президенттик шайлоого чейин Ооганстандагы аскерлерин чыгарышы мүмкүнбү?"– деген суроого жооп берген Помпео “Бул АКШ президентинин мага берген тапшырмасы” – деди. “Ал эки жүздүү болгон жок. Читать дальше...

Azattyk.org 

Босниядагы согушта курман болгон 86 мусулмандын сөөгү жерге берилди

1990-жылдын башында Босниядагы сербдердин согушу учурунда курман болгон 86 мусулмандын сөөгү 27-июлда жерге берилди. 2017-жылы Босниянын тоолуу районунда жалпы көрүстөндө табылгандарды эскерүү иш-чарасына жүздөгөн адам катышты. Курман болгондордун басымдуу бөлүгү эркектер, өспүрүмдөр болгон. Серб полициясы 1992-жылы атылган  200дөй босниялык мусулмандын сөөгүн 25 жылдан кийин гана тапкан. Согуштун курмандыктары Трнополе кыштагындагы лагерде катаал шартта кармалган. Арасында босниялык хорваттар да болгон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Иран менен Орусия Ормуз кысыгында машыгуу өткөрөт

Иран менен Орусиянын аскер флоттору жакынкы күндөрү биргелешкен аскерий-деңиз машыгуу өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Ирандын Аскер-деңиз күчтөрүнүн кол башчысы, контр-адмирал Хосейн Ханзади ИРНА агенттигине билдирди. Тегеран машыгуу ушул жылдын аягына чейин болот деп ишенүүдө. Машыгуу Инд океанынын түндүк тарабында, Персид жана Оман булуңун байланыштырып турган Ормуз кысыгынын аймагында өтөт. Контр-адмирал орус кесиптешинин чакыруусу менен үч күндүк сапар менен Орусияга барган. Жекшембиде... Читать дальше...

Azattyk.org 

Азимжан Аскаровдун иши Чүй облустук сотунда каралып баштады

Бүгүн 30-июлда Чүй облустук соту 2010-жылдагы кандуу окуяларга байланыштуу өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кайра карай баштады. Анын иши Кыргызстандагы жазык мыйзамдарын декриминализациялоого байланыштуу каралып жатканын “Бир дүйнө – Кыргызстан” укук коргоо уюму билдирди. Аталган уюмдун жетекчиси Төлөкан Исмаилованын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, жаңы кабыл алынган мыйзамдарга ылайык абакта отурган оорулуу, жашы өткөн жарандар эркиндикке чыгышы керек... Читать дальше...

Azattyk.org 

Алименттен качкандардын маалыматтык базасы түзүлөт

Алименттен качкандардын маалыматтык базасы түзүлөт. Буга байланыштуу мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам алимент төлөө маселелерин жөнгө салуу менен эне жана бала институтун коргоого багытталган. Ага ылайык, алименттен качып, издөөдө жүргөндөрдүн сүрөтү жана карызы тууралуу маалыматтар доогердин арызынын негизинде тиешелүү мекеменин расмий баракчасында жайгаштырылат. Маалымат алимент төлөнүп берилгенден кийин гана алып салынат. Мыйзамды... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жусубалиев боюнча сот өкүмү чыгышы мүмкүн

Биринчи май райондук соту ири пара менен кармалганы айтылган транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевдин ишин кароону улантат. Бул жолу айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөп, сот аларга карата өкүм чыгарышы мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокат Жыргалбек Бабаев билдирди. Буга чейинки соттук териштирүүдө прокуратура Азимкан Жусубалиевди 20 жылга абакка кесүүнү соттон суранган. Прокурор пара алууга ортомчулук кылганы айтылган Болотбек Токтобаевди мүлкүн мамлекетке... Читать дальше...


Он всю жизнь ковал славу СССР, а спас его Запад — там сделали операцию бесплатно! История о легенде ЦСКА Тарасове

СИРИУС НА ФЛЕШКЕ? ЕВРОПУ НАДО СПАСАТЬ ОТ НАТО?! Россия, США, Европа могут улучшить отношения?! Очень полезные советы Высшего Всенародного Президента.

«Едем на рыбалку»: Башаров рассказал о последнем разговоре с Мадяновым

Доцент Фиронов: новые ставки утильсбора приведут к подорожанию авто с 1 октября



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Эксперт Фиронов рассказал, что будет с ценами на авто с 1 октября

Израильская армия впервые призвала жителей Бейрута эвакуироваться из определенных районов

«Едем на рыбалку»: Башаров рассказал о последнем разговоре с Мадяновым

В России начали дешеветь iPhone 16

Музыкальные новости

Собянин: Конкурс грантов для НКО побил рекорд по числу одобренных заявок

Агния Кузнецова в шоу «Вкусно с Анфисой Чеховой» рассказала, как убедила Балабанова взять на роль её однокурсника

В Пензенской области военнослужащие Росгвардии встретились с народным артистом России Олегом Газмановым

В Подмосковье сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в убийстве

Новости России

Подмосковная фигуристка Елена Костылева победила на всероссийских соревнованиях

В России начали дешеветь iPhone 16

Пост принял: губернатор Владимиров дал присягу и поклялся служить народу

Прошедшая ночь в Москве оказалась рекордно тёплой

Экология в России и мире

Коллекция Nensi Dojaka весна-лето 2025

От аспирина до фосарбина. За что любили народного академика Арбузова?

Как стильные прически и отличный макияж могут изменить имидж

Новосибирские хирурги провели сложную операцию по удалению опухоли позвоночника

Спорт в России и мире

Зарина Дияс может встретиться с Ариной Соболенко на топовом турнире

Эйсинг-777 // Марин Чилич стал самым низкорейтинговым чемпионом турнира АТР

«Теннисистки заслуживают зарабатывать на равных с мужчинами». Веснина выступила за соразмерные призовые

Янник Синнер не приедет на турнир ATP-500 в Вену

Moscow.media

В Подмосковье росгвардейцы задержали гражданина, находящегося в розыске.

Hybrid запустил онлайн-академию Hybrid Training Hub

Подведены итоги конкурса «Мы верим твердо в героев спорта»

В Москве ежегодно состоялся юбилейный, всероссийский, патриотический гала-концерт «Проза и поэзия» «Россия - семья семей»







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *