Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Октябрь
2019

Новости за 15.10.2019

Azattyk.org 

Ошко Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунан делегациясы келди

15-октябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусунун губернаторунун орун басары Сыяр Кален уулу жетектеп келген делегация мүчөлөрү менен жолукту. Алар айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, соода тармагын өнүктүрүү боюнча маселерди талкуулашты. Калаа башчысы Кытай тарапка ишкерлерди колдоо багытында долбоорлорду сунуш кыла турганын айтты. Расмий маалыматка караганда, Шинжаңдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном районунда 160 миңге жакын кыргыз жашайт. (TSh)

Azattyk.org 

Жыл башынан бери төрт миң милиция тартип бузган

Парламентте Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракет боюнча комитеттин жетекчиси Наталья Никитенко 2019-жылдын сегиз айдын ичинде төрт миң кызматкер тартип бузганын билдирди. Эл өкүлү министр кадр тандоо маселесине көңүл бурушу керек экенин белгиледи. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 31 милиция кызматкерине кылмыш иши козголгонун, күнөөсү далилденсе жазасыз калбай турганын айтты. Министрликтин маалыматына караганда жыл башынан бери кылмыш иштеринин материалдары жоголуп кеткени боюнча 63 иш козголгон. Читать дальше...

Azattyk.org 

«Түрк кеңеши Анкаранын саясатын колдойт»

Өзбекстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине кошулду. Мындай чечим кеңештин Бакуда өткөн саммитинде колдоо тапты. Бул саммит Түркия Сириянын түндүгүндө күрд кошуундарына каршы операция өткөрүп жаткан учурга туш келди.

Azattyk.org 

«Анадолу»: Түрк кеңеши Анкаранын Сириядагы операциясын колдоду

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши Түркиянын Сириядагы аскердик операциясына колдоо көрсөтүшкөнү тууралуу маалымат чыкты. Уюмдун курамындагы мамлекеттер Бакудагы саммитте бул тууралуу бирдиктүү декларация кабыл алышканын Түркиянын «Анадолу» мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады. «Лидерлер Түркиянын «Тынчтык булагы» операциясы террорчулукка каршы күрөшкө салым кошот жана Сириянын аймактык бүтүндүгүн камсыз кылууга, жер которгон сириялыктардын өз эрки менен мекенине кайтып келишине... Читать дальше...

Azattyk.org 

ИИМ: Фарид Ниязов тергөө иштерине катышуудан баш тарткан

Ички иштер министрлиги (ИИМ) президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов №1 тергөө абагынан Тергөө кызматына иликтөө иши үчүн бир нече жолу жеткирилгенин кабарлайт. Бирок 5-сентябрда шектүү Ниязов жактоочусунун катышуусунда тергөө иш-аракеттерине катышуудан баш тарткан. «Ушундан улам тергөөнүн материалдары жана экспертизанын жыйынтыктары менен тааныштырууга мүмкүнчүлүк болгон эмес», деп айтылат министрликтин маалыматында. ИИМ Тергөө кызматы Ниязовго тиешелүү бардык кылмыш иштеринин материалдары... Читать дальше...

Azattyk.org 

«Калыс-Ордодо» жер талашка чыккан айрым адамдарды милиция кармап кетти

Бүгүн, 15-октябрда Бишкектеги Биринчи май районундагы «Калыс-Ордо» конушунда мэрияга караштуу жети гектар жерден участок бөлүп берүүнү талап кылып 100дөй адам чыккан. Жерди пайдалануу жана куруу башкармалыгынын жетекчиси Талант Иманкан уулунун айтымында, чогулгандардын айрымдары мамлекетке караштуу жерге казык кагып, үй салууга аракет кылышкан. Жерди пайдалануу жана куруу башкармалыгынын жетекчиси чогулгандарга мыйзамсыз иш кылып жатканын түшүндүрүүгө аракет кылганынан майнап чыкпагандыктан, милицияга кайрылган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Санариптешүү жашоону жеңилдетет

Баткен облусунда «Санариптештирүү дүйнөдө жана бизде» аттуу форум уюштурулуп, бул багытта ийгиликтүү иш тажрыйбасы бар мамлекеттик жана менчик мекемелердин өкүлдөрү чогулушту. Иш чарага экс-президенти Роза Отунбаева катышып, жаңы технологияларды күнүмдүк жашоодо кеңири колдонууга үндөдү.

Azattyk.org 

Келдибеков: Жээнбековдун саясатын колдойм

“Азаттыктын” 2х1 форматындагы эксклюзив маегинин кезектеги коногу - “Ата журт” идеалисттик саясий партиясынын теңтөрагасы, Жогорку Кеңешке эки жолку депутат болгон Акматбек Келдибеков. Саясатчы менен “Азаттыктын” журналисттеринин ортосундагы маек мамлекеттик башкаруунун азыркы деңгээли, саясий-экономикалык абал, коррупцияга каршы күрөш, сот реформасы, парламенттик шайлоого камылгалар өңдүү урунттуу маселелердин айланасында жүрдү.

Azattyk.org 

Сот Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөрткөн жок

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча алардын жактоочуларынын өтүнүчүн канааттандырган жок. Бул тууралуу «Азаттыкка» Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев айтып берди. Ал сотто ошондой эле кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Атамбаевге козголгон кылмыш ишин кыскартуу тууралуу өтүнүч беришкенин, сот аны да канааттандыруусуз калтырганын билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзбекстан Түрк кеңешине кошулду

Кошмо Штаттар Түркияга санкция салды. Испанияда каталониялык жикчилдердин лидерлери соттолгондон кийин калайман нааразылык акциялары башталды. Өзбекстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мүчөсү болуп калды.

Azattyk.org 

Кадыр Досонов кайра коё берилди

«Женго» деген каймана аты менен белгилүү, кылмыштуу топтун мүчөсү катары таанымал Кадыр Досонов кайра кое берилди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев кабарлады. Кадыр Досонов бараткан автоунаа бүгүн, 15-октябрда Ошто жол тескөөчүгө баш ийбегени үчүн токтотулуп, өзү да кармалган. - Натыйжада автоунаада мамлекеттик номердин жоктугу, курду тагынбаганы жана жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкерге баш ийбегени үчүн үч протокол толтурулуп, айып пул салынган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Түрк кеңешинин жыйынында беш документке кол коюлду

Азербайжандын Баку шаарында өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин VII жыйынында беш документке кол коюлду. Алар: түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмдарынын координациялык комитетин түзүү, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге «Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин өмүр бою ардактуу төрагасы» макамын берүү, Түрк кеңешинин баш катчысынын орун басарын жана «Түрк маданияты жана мурасы» фондунун президентин дайындоо жөнүндө чечимдер. Түрк тилдүү... Читать дальше...

Azattyk.org 

Харассмент дегенди билесизби?

Бишкекте мамлекеттик кызматкер жетекчисинен сексуалдык ыдык көргөнү тууралуу укук коргоо органдарына арыз жазды. Бул окуя социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Мындан улам Интернет колдонуучулар иш учурундагы харассментке каршы флешмоб баштады.

Azattyk.org 

АКШ Сирия боюнча Анкарага кысымын күчөттү

Кошмо Штаттар Түркияга каршы санкция киргизди. Бир нече күндөн бери Вашингтон Анкараны Сириянын түндүгүндөгү аскердик операциясын токтотууга үндөп келатат.

Azattyk.org 

Сузактагы айланма жолго 45 метр бийиктикте желек орнотулду

Ош-Бишкек жолунун Сузак району тараптагы айланма жолуна бийиктиги 45 метр келген флагшток орнотулуп, ага узун-туурасы 20-10 метр болгон мамлекеттик туу илинди. Флагштоктун пайдубалына Барпы Алыкуловдун, Курманжан Датканын, Абды Сүйөркуловдун жана Бекмамат Осмоновдун сүрөт-элеси түшүрүлгөн. Анын ачылышына өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана эки миңдей адам катышты. Аны орнотууну KG ГРУПП курулуш компаниясы колго алган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Фермерлер малдын сапатын арттыруу боюнча окуудан өтүштү

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда бодо мал баккан фермерлердин жана малды уруктандыруу боюнча адистердин билим деңгээлин жогорулатуу, малды сандан сапатка өткөрүү боюнча Алай районунун Гүлчө айылында фермерлер окутулду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ага хан фондунун Алай кеңсесинин өкүлү Аида Элкеева билдирди. Окутуу фонддун «Бай Алай» долбоорунун алкагында болду. Иш-чарага 200дөй фермер катышты. Андан тышкары Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин өкүлдөрү, Ош, Жалал-Абад... Читать дальше...

Azattyk.org 

Владимир Путин Бириккен Араб Эмираттарына келди

Орус президенти 15-октябрда Абу-Даби шаарына Сауд Арабиясынан учуп келди. Бул анын акыркы он жыл ичинде Перс булуңуна каттаган алгачкы сапары. Путинди аэропорттон мураскер шейх Мухаммед бен Заид ал Нахайян тосуп алды.  Алдын ала берилген маалыматтарда Владимир Путин бул сапарында Тегеран менен Эр-Рияддын курчуп бараткан мамилесин жөнгө салууга да аракет кылары айтылган.  14-сентябрда саудиялык мунай ишканаларына коюлган чабуул үчүн Вашингтон, Эр-Рияд жана Батыш өлкөлөрү Иранды айыпташкан. Тегеран... Читать дальше...

Azattyk.org 

Нурсултан Назарбаев Түрк кеңешинин ардактуу төрагасы болуп шайланды

Саммиттин бүгүнкү темасы чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүүгө арналды. Жыйында Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев Түрк кеңешинин ардактуу төрагасы болуп шайланды жана Түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени менен сыйланды. Өзбекстан кеңешке расмий мүчө болду. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жыйында сүйлөгөн сөзүндө өлкө келечегин чакан жана орто бизнести өнүктүрүүдөн көрө турганын айтып, уюм ичинде түз мамилелерди түзүү зарылдыгын жана инвестициялык фонд ачууга, ага шарт түзүүгө даяр экенин айтты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: жаан жаабайт

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 16-октябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21; Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19; Баткен аймагында түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23; Жалал-Абад жана Ош облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17; Нарын дубанында түнкүсүн -4…+1, күндүз 12…17; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…+4 градус болот. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстан футболдон Монголияны утту

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы бүгүн, 15-октябрда 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында Монголиянын курама командасын 2:1 эсеби менен утту.

Azattyk.org 

Өзбекстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мүчөсү болду

Өзбекстан расмий түрдө Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мүчөсү болду. Мындай чечим бүгүн, 15-октябрда Баку шаарында (Азербайжан) өтүп жаткан Түрк кеңешинин жыйынында кабыл алынды. Жыйында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган «доллардын биздин жалпы экономикага таасирин азайтуу аркетин көрүшүбүз керек» деди. Ал эми Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө, уюмдун алкагында инвестициялык фонд ачууну сунуш кылды. Түрк тилдүү мамлекеттердин... Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ түрк министрлерин «кара тизмеге» киргизди

Санкция салынган аткаминерлердин сап башында Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар турат. Андан тышкары ички иштер министри Сулейман Сойлу жана энергетика министри Фатих Дөнмездин АКШдагы акчалай операциялары токтотулат.  - АКШ аймакта туруксуздук орноп, түрк күчтөрү тарабынан зомбулуктун күч алышына Түркиянын өкмөтү жооптуу деп эсептейт, - деди Кошмо Штаттардын финансы министри Стивен Мнучин. Вице-президент Майк Пенс Трамп Эрдоганды Сирияга чабуулду токтотууга чакырганын маалымдаган.  Пенс жакында... Читать дальше...

Azattyk.org 

Элеттик бийчилер. Кайраттуу кыздын жеңиши

Бийди жактырган балдар үчүн атайын мектеп ачкан токтогулдук Наргиза Мундузбаева. Башына түшкөн оор кыйынчылыкты кайраты менен жеңип чыккан модел Ангелина Гаранина. Мезгил тарыхын жазган чыгаан журналист Султан Жумагуловду эскерген кесиптештери. Айылда жүндү машина менен жууп, тазалаган кичи ишкана ачкан кочкордук жаратмандар.


Ударили, обматерили и сорвали крестик: "Южане" устроили вопиющий беспредел прямо в вагоне Метро

В Орехово-Зуеве объявлен конкурс по замене светильников наружного освещения

В Долгопрудном отметят день молодежи 28–30 июня

"Увидим Большунова": в Кирово-Чепецк приедут олимпийские чемпионы по биатлону



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Бритни Спирс отругала папарацци за публикацию фотографий с целлюлитом на ее бедрах

«АльфаСтрахование» помогла поймать крупную преступную группировку автоподставщиков на каршеринговых авто

Когда в школах России пройдет выпускной в 2024 году

В Долгопрудном отметят день молодежи 28–30 июня

Музыкальные новости

Всероссийский фестиваль под художественным руководством Надежды Бабкиной пройдет в Псковской области

Лавров: у Москвы есть планы снова собрать формат Россия — Индия — Китай

Сергей Собянин. Главное за день

Суд приговорил реставратора объектов Московского Кремля к 4 годам колонии

Новости России

Спецназовцы из столичной Росгвардии подвели итоги «Вахты памяти 2024»

Оскорблен и обижен. Экс-следователь не признал вину за взятку в 7 млрд

Экс-председателя правления «Группы ГАЗ» Эберхардсона заочно арестовали

Бритни Спирс отругала папарацци за публикацию фотографий с целлюлитом на ее бедрах

Экология в России и мире

Dior, кутюрная коллекция осень-зима 2024

В Татарстане прошла встреча 125 дилеров нижнекамского шинного производителя

Ледяная ловушка: доктор Кутушов рассказал про опасность мороженого в жаркую погоду

Команда Сервисного локомотивного депо «Сольвычегодск» филиала «Северный» ООО «ЛокоТех-Сервис» стала победителем эстафеты ГТО железнодорожных игр «Мы вместе»

Спорт в России и мире

Россиянка Эрика Андреева вышла в финал квалификации Уимблдона

Хуркач о реванше со Зверевым: «В голове сидел тот матч в финале United Cup»

В Беларуси отреагировали на неожиданное решение Арины Соболенко

Теннисистка Анастасия Тихонова вышла в ½ финала квалификации Уимблдона

Moscow.media

Трекер StarLine для владельцев парка такси

Началось строительство путепровода между Костромской улицей и Юрловским проездом в Москве

Заместитель Московско-Курского транспортного прокурора в рамках работы мобильной приемной провела личный прием граждан на Курском вокзале г. Москвы

Росгвардейцы обеспечивают охрану правопорядка во время празднования Дня защиты детей.







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *