Парламент бюджетти карап жатат (видео)
Жогорку Кеңеш 14-ноябрда, бир күндө төрт жылдын бюджетин карап жатат. Анын ичинде 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылкы бюджеттин долбоору талкуу жаратууда.
Жогорку Кеңеш 14-ноябрда, бир күндө төрт жылдын бюджетин карап жатат. Анын ичинде 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылкы бюджеттин долбоору талкуу жаратууда.
Мамлекеттик каттоо кызматы Кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектүү деп кармалган Хусейн Ахметалиев, Абдулла Энвер Мамлекеттик каттоо кызматынын бирдиктүү маалымат базасына ылайык Кыргызстандын жарандары эместигин билдирди. Ошондой эле аталган мекеме улуттук паспорттордун бирдиктүү реестрине ылайык, бул адамдарга Кыргызстандын паспорту берилген эмес деп билдирди. Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча Кыргызстанда жаңы жагдайлар ачыкка чыгууда. Читать дальше...
Бүгүн, 14-ноябрда 2022-жылы Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Жапониянын курама командалары беттешет. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо, саат 17:15те башталат.
Кыргызстан менен Жапониянын курама командаларынын оюнунда "Самурайлар" "Ак шумкарды" 2:0 менен жеңип алды.
Президент Сооронбай Жээнбеков 14-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 30 жылдыгына карата «Кыргызстандын шайлоо комиссиялары - демократиялык өнүгүүнүн тажрыйбасы жана келечеги» аттуу конференцияда ушундай пикирин билдирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Президент БШКнын кызматкерлерин мааракеси менен куттуктап, эгемендик жылдары шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары зор тажрыйба топтогонун белгиледи. Мамлекет башчы акыркы жылдары өткөн шайлоолордо... Читать дальше...
«Медиа Полиси Институту» уюму «Фейсбук» социалдык тармагынан кийинки күндөрү айрым фейк колдонуучуларды байкаган. Kaktus.Media сайтынын «Түркияда кытайлык ишкер өлдү. Анын ысымын Матраимовдордун бизнеси менен байланыштырышкан» деген макаласынын «Фейсбуктагы» жарыясына атайын түзүлгөн аккаунттардан комментарийлер жазылган. Маселен, 15 комментарийдин төртөө буга чейин фейк колдонуучулар экени аныкталган. Алар Оштогу «Азаттык» радиосунун операторуна кол салуу боюнча жарыяда да Матраимовду колдогон мааниде пикир калтырышкан. Читать дальше...
Кыргызстандын аймагында 15-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Өрөөндөрдө жамгыр жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 5…10; Таласта түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16; Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10; Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев өлкө бюджети талкууланып жаткан учурда көп жылдан бери пландалып келаткан улуттук ири долбоорлордун келечегине кызыкты: - Көп жылдан бери пландап жүргөн Жогорку Нарын каскады, Камбар-Ата 1, Кара-Кече-ЖЭБ долбоорлору боюнча айтып кетиңизчи. Мисалы тажиктер Рогун ГЭСин салып алды. Өзбектер атом электр станциясын салганы жатышат. Биздики эмне болуп жатат? Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Жогорку Нарын ГЭСтер каскады» боюнча «РусГидродогу» чыр-чатак чечиле элек экенин... Читать дальше...
2020-жылы өтө турган Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын депутаттарын шайлоого 828 млн. сом каралган. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламент жыйынында, өлкө бюджетин талкуулап жаткан учурда билдирди. Мындан сырткары быйыл он жылда жүргүзүлүүчү эл каттоого 191 млн. сом бөлүнөт. Укук коргоо органдарынын реформалоого 2,3 млрд. сом каралган. Сот-укук реформасын улантууга 724,5 млн. сом каралат. Жарандардын коопсуздугу үчүн жаза аткаруу мекемелерин... Читать дальше...
Бүгүн, 14-ноябрда 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Жапониянын курама командалары беттешет. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо, саат 17:15те башталат. Кыргызстандын Футбол федерациясы оюнга билети жок күйөрмандар стадионго келбей эле койсо деп алдын ала өтүндү. «Стадионго мыйзамсыз жол менен кирүүгө же дубалдан ашып түшүүгө аракет кылбаңыздар. Австралиянын курама командасы менен беттештеги катаны кайталабайлы. Читать дальше...
Мыйзамда көрсөтүлгөн жаш курагы чегине жеткендигине байланыштуу Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы Куанбек Киргизбаевди кызмат ордунан бошотууга Жогорку Кеңеш макулдугун берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды. Мыйзамга ылайык, судьялардын мамлекеттик кызматта иштөө мөөнөтүнүн жаш курагынын чеги – 70 жаш. Жогорку соттун Конституциялык палатасы тогуз судьядан турат. төрагасы - Карыбек Дүйшеев; төраганын орун басары - Эмил Өскөнбаев; судья-катчы - Мээргүл Бобукеева; судьялар - Чынара Айдарбекова... Читать дальше...
Түркияда киши колдуу болгон ишкер Айеркен Саимаитинин өлүмү чырмалышкан күмөндүү көп окуянын бетин ачты. Кыргызстанда издөө жарыяланган бул адам дипломатиялык номер тагылган Стамбулдагы кыргыз баш консулунун унаасын айдап жүргөнү ачыкка чыкты. Саимаитини өлтүрүүгө шектүү катары кыргыз паспорту бар эки адам кармалды. Мындай кырдаал Кыргызстанда талкуу жаратып, маселе парламентте көтөрүлдү. Бул окуялар эмнеден кабар берет? Бийлик мындай учурда кандай чараларды көрүшү керек? Талкууга мурдагы тышкы иштер министри... Читать дальше...
Быйыл алты айдын ичинде 394 млн. доллар инвестиция тартылды. Бул өткөн жылдын ушул убактысына караганда дээрлик 60% көп. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте өлкөнүн бюджети тууралуу талкуу учурунда билдирди. Анын айтымында, ушул жылдын тогуз айында негизги капиталга 90 млрд. сом инвестиция тартылган. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 6,3 пайызга көп болду. - Эгерде 2017-жылы ИДӨгө карата тышкы карыздын көлөмү 54% болсо, 2018-жылы 48% болгон. Ал эми 2019-жылы – 46,5%га чейин жеткирилет. Читать дальше...
Бул блогдо Кыргызстандагы жемкорлук чатагына байланыштуу ысымы улам эскерилген Эркин Саматтын (Айеркен Саймаити) атын кыргызча туура жазуу жана башка заманбап ономастикалык көйгөйлөр талкууга алынат.
2019-жылдын тогуз айында экспорт 1,3 млрд. долларды түздү. Бул өткөн жылдын деңгээлинен 11,7% көп. Ошол эле маалда импорт 7,3 пайызга азайды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте сүйлөп жатып билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, соода балансынын тартыштыгы 15,8% азайган. Буга ички өндүрүштүн өсүшү, ата мекендик өндүрүмдүн экспортунун көбөйүшү себеп болгон. Абылгазиев белгилегендей, өкмөт ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, импорттун көлөмүн азайтуу... Читать дальше...
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүндө 20 кылмыш иши жоголгон факты аныкталды. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы мындай факт ар кандай кылмыштар боюнча айыпталып жаткандарды издөөгө байланыштуу токтоп турган иштерди текшерүү учурунда ачыкка чыкканын маалымдады. Материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Шалаакылык» беренесинин негизинде катталды. Сотко чейинки өндүрүш иштери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке тапшырылды. Читать дальше...
Бишкектеги Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу коррупция боюнча кезектеги сот жараянында айыпталуучулардын экөө жактоочуларынын гана суроолоруна жооп берип, башка көрсөтмө берүүдөн баш тартышты.
Кыргызстандын Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшериш үчүн мекеме аралык жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Жумушчу топ аталган министрликтин демилгеси менен түзүлүп, ага Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жана ТИМдин өкүлдөрү кирди. Алар экс-консулдун ишин текшериш үчүн Стамбул шаарына барышат. Жеке ишкер Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбул шаарында өлтүрүлгөн. Читать дальше...
Бүгүн Бишкекте балдар жана өспүрүмдөрдүн төртүнчү республикалык “Карек” кинофестивалы ачылат. “Карек” фондунун маалыматына караганда, бул жылы Кыргызстандын бардык аймактарынан 10-17 жаштагы жаш режиссёрлордон 56 кыска метраждуу тасма келип түшкөн. Тандоонун жыйынтыгында 25 тасма тандалып алынат. 15-ноябрда жеңүүчүлөр “Манас” кинотеатрынын алдында кызыл килемден атактуу киночулар менен бирге өтүп, сыйлык тапшыруу аземине катышат. Быйылкы сынактын өзгөчөлүгү катары БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ)... Читать дальше...
Кыргызстан Орусия менен түзгөн өнүктүрүү фонду сыяктуу бирикмелерди Кытай жана Индия мамлекеттери менен да түзүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 12-ноябрда Жогорку Кеңеште былтыркы жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жатканда билдирди. Премьер-министрдин айтымында, мындай фонддордун каражатын жаштардын ишкерлик демилгелерин колдоого жумшоо планы бар: - Орус-Кыргыз фонду, мамлекеттик банктар сыяктуу инструменттерди көбөйтүшүбүз керек. Читать дальше...
АКШ Конгрессинде президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо маселеси боюнча коомдук угуу башталды. Демократтар америкалыктарга республикачыл Трамп шайлоо жараянына Украинаны аралаштырууга аракет кылганын далилдеп берүүнү көздөп жатышат. Республикачылар импичмент аракетин бюрократтардын кутуму деп атоодо. Коомдук угууга катышкан АКШнын Украинадагы элчиси Билл Тейлор импичмент демилгесиндеги маанилүү бурулушка алып келчү билдирүү жасады. Ал Трампты Украинага байланыштуу кайсы бир маселеге... Читать дальше...
Швецияда 1988-жылдын жайында Иранда жасалган оор кылмыштар үчүн шектүү деген негизде ирандык 58 жаштагы жаран камакка алынды. Хамид Нури Стокгольм шаарына өткөн дем алыш күндөрү туугандарына жолукканы учуп барган. Полиция аны аэропорттон кармап кеткен. Ирандык активисттер ал адам ошол жылы түрмөдө бир нече миң саясий туткунду, анын ичинде студенттерди өлүм жазасына тартууда активдүү роль ойногонун айтууда. Адвокат Нуринин күнөөсү жок экенин, полиция таптакыр башка адамды камаганын билдирип жатат. Читать дальше...
Пакистанда нааразылык акциясына чыккандар борбор калаанын негизги көчөсүн бошотуп, өлкөнүн аймактарында жолдорду буумай болушту. Өкмөткө каршы демонстрацияга чыккандардын башчысы, исламий партиянын лидери Маулана Фазлур Рехман чогулгандарга кайрылып, "Ар бириңер өзүңөр жашаган жерге барып, жолдорду тоскула!" деген буйрук берди. Өткөн айда Карачи шаарынан башталган протесттер борбор калаа Исламабадка чейин жеткен. Он миңдеген адам 31-октябрда көчөгө чыгып, премьер-министр Имран Хандын кетишин жана жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылган. Читать дальше...