Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Февраль
2020

Новости за 02.02.2020

Azattyk.org 

Лондондо жайкын тургундарга кол салган киши атып өлтүрүлдү

Улуу Британиянын баш калаасы Лондондун түштүк бөлүгүндө полиция жөн-жай тургундарга бычак менен кол салган бир кишини атып өлтүрдү. Британ полициясы бул окуянын террорчулукка байланышы болушу мүмкүн экенин билдирди. Стретем аймагында жекшемби күнү түш оой орун алган кол салуудан бир нече адам жараат алганы кабарланды. "Азырынча бир нече адам бычакталды деген маалымат бар. Окуянын чоо-жайы такталып жатат", - деп билдирди Лондон полициясы "Твиттердеги" барагы аркылуу. Күбөлөр үч жолу ок атылганын угушканын айтып жатышат. Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ мамкатчысы Казакстанда Шинжаң маселесин көтөрдү

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео мурдагы советтик республикаларды Шинжаңдагы мусулман азчылыктарына жасалган мамиледен улам Кытайга басым көрсөтүүгө чакырды. Ал мындай оюн 2-февралда "Азаттыктын" казак кызматы менен Нур-Султан шаарындагы маегинде айтты. "Шинжаңда болуп жаткандар тууралуу сөз кылсак, биз Кытай өкмөтүнө да, бүгүнкү визит маалында Казакстандын өкмөтүнө да так айттык. Биз ар бир адамга татыктуу мамиле кылынышын күтөбүз. Ал жерде болуп жаткандар буга шайкеш келбейт. Казакстандын өкмөтү жакшы иш кылды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Иран "жакынкы күндөрү" жандоочун космоско учурарын ырастады

Иран илимий изилдөө жүргүзүүнү көздөгөн жаңы жандоочун (спутник) жакынкы күндөрү космоско учурганы жатат. Бул маалыматты Ирандын космос агенттигинин башчысы Мортеза Берари "France-Presse" жаңылыктар агенттиги менен маегинде ырастады. Бирок ал "Зафар" аттуу жаңы жандооч качан учурулаарын так айткан жок. Болгону 113 килограмм салмактагы жандоочту "Симорг" ракетасы Жердин орбитасына алып чыгаарын белгиледи. Беш күн мурда Сан-Францискодо жайгашкан «Planet Labs Inc» компаниясынын жандоочтору тартып... Читать дальше...

Azattyk.org 

КЛДП: жаштар күчүн сынап көргүсү келет

2-февралда Бишкекте Кыргыз либерал-демократиялык партиясынын (КЛДП) тушоосу кесилди. Партия негизги ураанын “жаңылануу” деп атап, өлкөдөгү коррупцияга жана бийликке умтулган криминалдашкан олигархтарга каршы күрөшөөрүн жарыялашты.

Azattyk.org 

Косоводо жаңы өкмөттүн курамы боюнча мунаса табылды

Косовонун эки ири партиясы жаңы өкмөттүн курамы боюнча мунаса табышты. Мындай келишимге 2-февралда оңчул-улутчул деп мүнөздөлгөн "Ветевендосйе" ("Өзүн-өзү аныктоо") партиясынын лидери Албин Курти менен борбордук-оңчул "Косовонун демократиялык лигасы" партиясынын башчысы Иса Мустафа кол коюшту. Балкан аймагындагы бул өлкөдө 6-октябрдагы чукул шайлоодон бери өкмөт куралбай келген. Ал шайлоодо эки партия 120 орундуу парламентте 61 мандатка ээ болгону менен өкмөттүн курамы боюнча мунаса табылбай келген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Сербиялык теннисчи Жокович Австралияда рекордун жаңыртты

Сербиялык теннисчи Новак Жокович Австралиянын ачык чемпионатынын финалында австриялык Доминик Тимди утуп алды. Муну менен ал мурдагы рекордун жаңыртып, Австралияда "Чоң шлемге" сегизинчи жолу ээ болгон биринчи теннисчи болуп калды.  32 жаштагы теннисчи 30-январдагы жарым финалда швейцариялык Рожер Федерерди жеңип алган. Жекшембидеги финалда ал 26 жаштагы Тим менен беш айлампада (6-4, 4-6, 2-6, 6-3, 6-4) күч сынашты.  Австралиядагы жеңишин кошкондо Новак Жоковичтин "Чоң шлем" титулдарынын саны 17ге жетти. Читать дальше...

Azattyk.org 

«Акчанын агымына Москванын чектөөсү таасир этти»

«Элдик экономика» түрмөгүнүн алкагында, чет өлкөдөгү мигранттардын акча которуусунун азайганынын себептери, андагы экономиканын орду жана башка суроолорго экономист Эркин Абдыразаков жооп берди.

Azattyk.org 

Үлгүлүү үй-бүлөлүк балдар үйү

Өзгөн районунун Большевик айылынын тургуну Нурмамат Бөрүбаев жубайы Ташбүбү Тагаева экөө 2005-жылы үй-бүлөлүк балдар үйүн ачып, 15 жыл ичинде 26 бала тарбиялашты. Алардын жарымын эрезеге жеткирип, турмуш жолуна салган.

Azattyk.org 

Казакстан Ухандан 83 жаранын алып келди

Казакстан Кытайдын Ухань шаарындагы 83 жаранын алып келди. Анын ичинен 80и студенттер. Алар өз өлкөсүнө дарыгерлердин коштоосунда учуп келишти. Эми алар ооруканада 14 күн карантинде болот. Коронавируска байланыштуу Казакстан Кытайга гуманитардык жардам катары 13 тонна медициналык каражаттарды жиберди. Соңку маалыматтарга караганда, Кытайда өпкөнүн сезгенишине алып келчү жаңы коронавирустан 304 адам өлүп, вирусту жугузгандардын саны 15 миң кишиге чамалады. 2-февралда Филиппинде 44 жаштагы адам коронавирустан каза болду. Читать дальше...

Azattyk.org 

Помпео Нур-Султанда Кытайдан келген казактар менен жолукту

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 2-февралда Казакстандагы иш сапарынын алкагында Кытайдан келген казактар менен жолукту. Алар туугундары «саясий кайра тарбиялоо лагерлеринде» кармалып турганын айтышты. Анда Майк Помпео Казакстандын бийлигин Кытайдын Шинжаң аймагынан качып келген улуттук азчылыктарга башпаанек берүүгө чакырды. «Биз Кытайдан качып кетүүнү каалагандарга алардын коопсуздугу үчүн башпаанек берүүнү сурайбыз», - деди Помпео Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди катышкан басма сөз жыйынында. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жанарбек Акаев: КЛДП президенттикке да талапкер көрсөтөт

Кыргыз либерал-демократиялык партиясынын (КЛДП) теңтөрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев учурдагы парламент бийликтен кандай гана буйрук түшпөсүн аткарып, элге каршы мыйзамдарды да кабыл алып жатканын айтты. Бул тууралуу ал 2-февралда КЛДПнын бет ачарында сүйлөп жатып билдирди. Депутат өзү мүчө болгон партия шайлоо мыйзамдарын түп-тамырынан бери өзгөртүп, Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын сапатын жакшыртууну максат кылып жатканын кошумчалады. - Биз жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышабыз. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекке Ухандан 18 кыргызстандык жеткирилди

Кыргызстан 2-февралда Кытайдын Ухань шаарындагы 18 жаранын алып келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, алар Бишкекке казак тараптын жардамы аркасында атайын борт менен Нур-Султан шаары аркылуу жеткирилди. Алардын ден соолугу аэропорттон текшерилип, Бишкектин четиндеги ооруканага жаткырылды. Ухандан алынып келгендер карантинде болуп турат. Бул убакыт аралыгында алар менен дарыгерлер гана иштешет.  Соңку маалыматтарга караганда, Кытайда өпкөнүн... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сейтек Качкынбай: КЛДПнын багыты - коррупцияны жоюу

2-февралда Бишкекте Кыргыз либерал-демократиялык партиясынын (КЛДП) бет ачары болуп жатат. Анда партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири, саясат талдоочу Сейтек Качкынбай бул партиянын артында таасирдүү саясатчылар турбагынын белгилеп, уюм прогрессивдүү жаштардан биригип жатканын билдирди. Ал партиянын багыты эркин экономика, салык төлөөчүлөрдү көбөйтүү жана коррупцияны азайтуу экенин айтты. Саясий майданга жаңыдан кошулуп жаткан партиянын курамында депутат Жанарбек Акаев, талдоочу Сейтек Качкынбай жана... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстандыктарды ажылыкка ташычу авиакомпания аныкталды

Кыргызстандыктарды быйыл ажылык сапарга «Flaynas» авиакомпаниясы ташыйт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Муфтият тараткан маалымат боюнча, кыргызстандыктарды 2020-жылдагы ажылык сапарга ташуу үчүн сынак өтүп, ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штаб «Flaynas» авиакомпаниясын тандап алды. Жыйынтыгында аталган компаниянын авиабилети былтыркыдай эле 1550 доллар болду.   Сауд Арабиясы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга бөлгөн квотаны жыл сайын көбөйтүп жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

3-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 3-февралда Чүй облусунун кээ бир тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз тоолуу райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14; Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14; Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7... Читать дальше...

Azattyk.org 

27 жашында атылган райатком төрагасы

Күлсакун (башка документтерде Гүлсакун) Мергенбаев репрессияга 1938-жылы кабылган. Совет бийлигине кылган кызматынын натыйжасы атылуу менен аяктады.

Azattyk.org 

Кытайдан башка өлкөдө коронавирустан каза болгон алгачкы адам катталды

Филиппинде 44 жаштагы адам жаңы коронавирустан каза болду. Бул биринчи жолу Кытайдан башка өлкөдө кимдир-бирөө вирустан өлгөн учур болуп калды. Бул тууралуу 2-февралда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдирди. Соңку маалыматтарга караганда, Кытайда өпкөнүн сезгенишине алып келчү жаңы коронавирустан 304 адам өлүп, вирусту жугузгандардын саны 15 миң кишиге чамалады.  Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 1-февралда билдирүү таратып, бардык мамлекеттерди жер-жерлерде коронавирустун жайылышына даяр болууга чакырган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Чад Вульф: визалык чектөө бир жылдык иликтөөдөн кийин киргизилди

АКШнын Ички коопсуздук боюнча министрлиги АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы алты мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык виза берүүнү чектеген чечими боюнча түшүндүрмө берди. Министрликтин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, алты өлкөгө киргизилген визалык чектөө атайын мекеме аралык комиссиянын бир жылдык иликтөөсүнөн кийин киргизилди. Ал комиссиянын курамына Пентагондун, Мамдепартаменттин, Чалгын кызматынын өкүлдөрү кирген. Ага ылайык, 2018-жылдын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сузакта уруксат ала элек медресе түптөлүүдө

Сузак районунда араб демөөрчүлөрүнүн эсебинен 23 млн. сомдук кыздар медресесинин курулушу башталды. Бул демилгени айыл тургуну көтөрүп, курулушка өз жер тилкесин өткөрүп берген. Бирок облустук казыят жана башка тийиштүү кызматтар азырынча курулуш иштерине уруксат болбогонун билдиришти.

Azattyk.org 

Статкомитет: Кыргызстанда айыл чарбасы кедерине кетти

Улуттук статистика комитети акыркы жылдары Кыргызстандын айыл чарба тармагында жылыш болбогонун, тескерисинче тармак кедерине кеткенин билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 2014-жылы айыл чарбасынын ички дүң өнүмдөгү үлүшү 14,7% болчу. 2018-жылы бул көрсөткүч 11,7% чейин кемиди.  2018-жылы өсүмдүк өстүрүүнүн көлөмү 2017-жылга салыштырмалуу 108,2 миллиард сомдон 100,5 миллиард сомго чейин же 7,7% азайган. Анын ичинен картөшкө өндүрүү 29%, жашылча 17,8%, бакча жемиштерин өндүрүү 6,1% жана жүзүм өндүрүү 8,8% азайган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Шинжаң лагерлериндеги аялдар көргөн кордук

Шинжаңдагы лагерлерде кармалган аялдарга алардын тукум улоо системасына таасир эткен дары-дармектерди күчтөп беришет. Алар кыйноого, жыныстык ыдыкка туш болушат. Көп учурда аларга медициналык жардам берүүдөн баш тартып коюшат.

Azattyk.org 

Кытайда коронавирустан өлгөндөр 300 кишиден ашты

Кытайдын Ухань шаарынан тараган өпкөнүн сезгенишине алып келчү жаңы коронавирустан 304 адам өлүп, вирусту жугузгандардын саны 14 380 кишиге жетти. Бул маалыматты Кытайдын саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү билдиришти. Маалыматка караганда, вирус Кытайдан башка мамлекеттерге да тез тарап жатат. Соңку эки күндө Орусияда, Улуу Британияда жана Швецияда вирусту жугузган адамдар катталды. Коронавирустун жайылышынын алдын алыш үчүн АКШ жана Австралия соңку эки аптада Кытайда болгон адамдардын өлкөгө киришине убактылуу тыюу салды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кытайдан Кыргызстанга 196 киши келди

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматка караганда, 28-январдан 1-февралга чейин Кытайдан Кыргызстанга 196 киши келди. Анын ичинен 182си Кыргызстандын, 13ү Кытайдын жана бирөө башка мамлекеттин жараны. Алардын баары термосканер менен тиешелүү медициналык кароодон өтүп, коронавирус аныкталган эмес. Мекеме Кыргызстанда коронавирусту жугузуп алган адамдар каттала элек экенин кошумчалады. Азыркы тапта Кытайдан келгендердин ичинен Сокулук районунун ооруканасында үч, Беш-Күңгөй... Читать дальше...


Пожарные провели тренировку по безопасности для школьников в Химках

НИКИ детства пригласил коллег из Турции на обучение

Бойцы подразделения Южной группировки войск поразили три склада ВСУ

Общая задолженность кубанских налогоплательщиков превышает 66 миллиардов рублей



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

НИКИ детства пригласил коллег из Турции на обучение

Пушкинские студенты могут пройти практику в МФЦ

В Ярославской области появится памятник «Благословение матери»

В Королеве заменят свыше 1,8 тыс светильников наружного освещения в 2024 году

Музыкальные новости

Певица Наталья Самойлова презентовала новый клип «Голос природы»

Сергей Лёвкин: в Градостроительном комплексе открыли набор на целевое обучение

ФоРГО: лидерами по экономическому потенциалу в России стали Москва и ХМАО

Легенда вне времени Жанна Агузарова и легенда поп-музыки Жанна Фриске:самое интересное с Премии МУЗ-ТВ 2024

Новости России

Пресс-конференция Департамента национальной политики и межрегиональных связей прошла в Москве

Бойцы подразделения Южной группировки войск поразили три склада ВСУ

Губернатор Голубев: в Семикаракорске взорвался баллон с газом

Пушкинские студенты могут пройти практику в МФЦ

Экология в России и мире

Команда Сервисного локомотивного депо «Сольвычегодск» филиала «Северный» ООО «ЛокоТех-Сервис» стала победителем эстафеты ГТО железнодорожных игр «Мы вместе»

СберСтрахование застраховала крупные предприятия на Урале почти на 2 трлн рублей

Dior, кутюрная коллекция осень-зима 2024

«585*ЗОЛОТОЙ» посчитала, сколько тратят на покупку солнцезащитных очков к лету в Ростове-на-Дону

Спорт в России и мире

Появились новости о здоровье Елены Рыбакиной перед турниром в Англии

Елена Рыбакина впервые в 2024 году сыграла на Уимблдоне

Россия — первая по теннисным отказникам! Почему сразу девять наших сказали «нет» Олимпиаде в Париже

Рейтинг WTA. Калинская дебютировала в топ-20

Moscow.media

Росгвардейцы приняли участие в акции "Свеча Памяти".

Трекер StarLine для владельцев парка такси

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Родители 240,5 тыс. детей в Московской области получают единое пособие

В Москве пройдет 19-я выставка «Интеравто»







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *