Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Март
2020

Новости за 30.03.2020

Azattyk.org 

Казакстанда дагы алты шаар карантинге жабылды

Казак бийлиги Нур-Султан менен Алматыдан башка дагы алты калааны - Атырау, Караганды, Темиртау, Сарань, Шахтинск жана Абай шаарларын 30-марттан тартып карантинге жапты. Ошондой эле Акмоло облусуна кирип-чыккандарды чектеди. Карантин жарыяланган шаар-аймактарда азык-түлүк, дары-дармек сатып алыш үчүн, банкка баруу максатында гана сыртка чыгууга болот. Ошондой эле үйдөн иштөөгө мүмкүн болбогон кесип ээлерине гана жумушка барууга уруксат берилди. Жамбыл облусу менен Тараз шаарына карантин 31-марттан тартып жарыяланмакчы. Читать дальше...

Azattyk.org 

Коронавирус боюнча кырдаал өзгөрбөсө өзгөчө абал узарышы мүмкүн

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун  30-мартта билдиргенине караганда коронавирусту жайылтпаш үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө. Ал үчүн элдин колдоосу жана жоопкерчилиги маанилүү. Ошондой эле Боронов, эгер, илдетти жугузгандар азайбаса өзгөчө абал режимин узартуу маселеси каралашы мүмкүн экенин белгиледи. Коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШда карантин чараларынын мөөнөтү узарды

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп коронавирустун жайылышына каршы чараларды 30-апрелге чейин узартуу тууралуу чечим кабыл алды. Буга чейин Трамп мындай чаралар 12-апрелге чейин эле алынышы ыктымал экенин айтып жаткан. Ал жекшембиде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, АКШда оору эң күчөгөн маал эки жумадан кийин башталышы мүмкүн экенин билдирди жана чектөө чаралары болбосо эки миллиондой адам ажал табышы ыктымал экенин эскертти. Ушул тапта АКШ вирус жуккандардын саны боюнча алдыга чыкты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирустан үч адам айыкты

Кыргызстанда коронавирус жугузган үч адам айыгып, ооруканадан чыгарылып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Айыккандар Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 62, 44 жана 46 жаштагы тургундары, үчөө тең аял. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бул үч жарандын акыркы анализдеринен коронавирустун белгилери табылган жок, ошондуктан жакын арада үйлөрүнө жөнөтүлөт. Кыргызстанда 30-мартка карата коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 94 кишиге жетти. (BkA)

Azattyk.org 

Боронов: Чет жактагы жарандарыбызды таштабайбыз (видео)

Кыргызстан чет мамлекеттердеги жарандарын таштабайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 30-марттагы онлайн басма сөз жыйынында Орусиянын аэропортундагы кыргызстандык жарандар тууралуу суроолорго жооп берип жатып билдирди. Вице-премьер кыргыз өкмөтү каалагандардын баарын татыктуу тосуп аларын, медициналык тейлөөгө жана камкордукка аларын айтты: «Кимдин колунда учакка билети бар болсо, аларды ташып келип жатабыз. Андайлардын соңку 401ин бир рейс менен алып келип, обсервацияга жаткырдык». Читать дальше...

Azattyk.org 

«Левада»: орусиялыктардын көбү жашы 70тен өткөн кишинин президент болушуна каршы

«Левада» борбору Орусиядагы президенттин жаш курагына байланыштуу сурамжылоосунун жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, сурамжылоого катышкандардын үчтөн экиси (62%) жашы 70тен өткөн адамдын мамлекет башчы болушуна каршы чыккан. Респонденттердин 35% дегеле ардагер курагындагы киши президент болбосун деген оюн билдиришкен. Дагы 23% президенттин жашы 70ке жетпеши керек экенин билдирген.  Орусиялыктардын 31% гана президентке жаш курагына байланыштуу эч кандай чектөө болбошу керек деген пикирде болгон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалды тоготпогон курулушчулар

Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылындагы эс алуу борборлордун биринде республика боюнча жарыяланган карантинге карабастан элүүгө жакын киши курулуш иштерин жүргүзүп жатат. Көл жээгинде 358 батирлүү үйдү куруп жаткандардын арасында Өзбекстандын жарандары да бар. Куруучу компания бул жумушчулар карантин жарыялангандан кийин үйүнө кете албай калып калгандар деп түшүндүрүүдө.

Azattyk.org 

Сузакта өзгөчө абалдын запкысын тарткан бүлө

Сузак районунда 18-марттан тартып жарыяланган өзгөчө кырдаалдан кийин бир топ үй-бүлөлөрдө азык-түлүккө муктаждык жаралды. Райондун Лавдан-Кара айылындагы көп балалуу Каримовдордун турмушу кыйын кырдаалга туш келди. Пенсия, жөлөк пул да албаган үй-бүлөнү ашканада иштеген келини бакчу.

Azattyk.org 

Дарыгерлердин экинчи тобу Баткен, Жалал-Абад жана Ошко жөнөп кетти

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарына барып иштөө ниетин билдирген дарыгерлердин экинчи тобу Бишкектен жөнөп кетти. Бул тууралуу 30-мартта Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, алар аталган облустардагы эпидемияга каршы жана дарылоо иш-чараларына катышат. “Жогорку квалификациядагы медицина кызматкерлери бир айга жөнөп кетишти. Алар облустук клиникалык ооруканаларга жардам берет” деп айтылат министрликтин маалыматында.... Читать дальше...

Azattyk.org 

Доллардын расмий курсу көтөрүлдү

Кыргызстанда доллардын расмий курсу 28-мартка карата 80 сом 20 тыйынды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында кабарланды. Ал эми бир евро 88 сом 30 тыйынды түзүүдө. 26-мартта доллардын сомго карата расмий курсу 79 сом 74 тыйын, ал эми евронуку 86 сом 37 тыйын болчу. Учурда коммерциялык банктар жана акча алмаштыруучу жайлар долларды 81 сомдон сатууда. Кыргызстанда акыркы үч жылдан бери 69 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар акыркы бир айда кымбаттады. Алгач 10-мартта үч сомго кымбаттаса... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстан Беларустан 25 миң тест алып келмей болду

Кыргызстан Беларустан коронавирусту аныктай турган 25 миң тест алдырганы жатат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Буга чейин Кытайдан 112 500 долларга (ташып келүү баасын кошпогондо) 30 миң экспресс-тест сатып алуу маселеси чечилгени кабарланган. Андан мурдараак 5 миң экспресс-тест сатылып алынып, анын көбү Жалал-Абад облусуна жөнөтүлгөн. 29-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан адамдардын саны 84 болгон. Коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чүйдө коронавирус аныкталган ата-бала Дубайдан келген

Чүй облусунда коронавирус аныкталган эки адам - Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынын тургундары. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады. Маалыматка ылайык, оору аныкталган ата-бала 12-мартта Дубайдан учуп келген. Алар үй карантинге алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон. 28-мартта текшерүү учурунда бул адамдар коронавирус жугузуп алганы аныкталган. Учурда алар ооруканага жаткырылып, үй-бүлө мүчөлөрү жана айылда байланышта болгондор карантинге алынды. 30-мартка карата Кыргызстанда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Министр Жалал-Абадда коронавирустан айыккандар бар экенин айтты

Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ош, Жалал-Абад облусунда коронавирус аныкталган адамдарды дарылаш үчүн Бишкектен кошумча медициналык бригада жөнөтүү учурунда билдирди. Жалал-Абадда коронавирустан айыккан адамдар бар экенин белгилеп, ал жөнүндө кийинчерээк маалымат берилерин кошумчалады. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча инфекционист, пульмонолог, анестезиолог–реаниматологдордон турган тогуз дарыгер коронавирус жуктуруп алган бейтаптарды дарылоого бир ай бою көмөктөшөт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жогорку сот: Соттук отурумдардын убактысын телефондон айтып турабыз

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу ишин убактылуу токтоткон сот органдарында отурумдар кайсы күнгө белгиленгенин телефондон билип турса болот. Бул тууралуу 30-мартта Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, сот жараянынын катышуучулары үйдөн чыкпастан, төмөнкү телефондор аркылуу канцелярияга чалса болот: 0 312 66-35-01 (жазык иштери), 0 312 66-34-29 (административдик жана экономикалык иштер)  жана 0312 66-30-40 же 62-19-29 (жарандык иштер). 30-марттан 3-апрелге чейин Ош... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкектин көчөлөрүнө кошумча 400 партулдук кызматкер чыга баштайт

Бишкек шаары 30-марттан тартып күчөтүлгөн көзөмөлгө өтуп жатат. Бул тууралуу борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди. Орозалиевдин айтымында, борбор калаанын көчөлөрүнө кошумча 400дөй патрулдук кызматкер чыгат: "Алар санитардык-карантин эрежелерин бузгандарга карата чара көрүшөт". 30-мартка караган түнү Кыргызстандын аймагында коменданттык саат талабын бузган 148 адам кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Жалпысынан өзгөчө абал жарыяланган беш күндүн ичинде өлкө аймагында түнкүсүн көчөдө жүргөнү үчүн 1087 адам кармалды. Читать дальше...

Azattyk.org 

ИИМ: Коменданттык саат учурунда 148 адам кармалды, көбү Бишкекте

30-мартка караган түнү Кыргызстандын аймагында коменданттык сааттын талабын бузган 148 адам кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, кармалгандардын арасынан 122 адам Бишкекте. Ош шаарында сегиз, Жалал-Абад шаарында тогуз, Сузакта төрт, Ноокатта бир жана Кара-Суу районунда төрт адам. Жалпысынан өзгөчө абал жарыяланган беш күндүн ичинде өлкө аймагында түнкүсүн көчөдө жүргөнү үчүн 1087 адам кармалды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкек: Өткөрмөнүн электрондук түрү бериле баштайт

Бишкекте 31-марттан тартып өзгөчө абал учурунда колдонулуучу өткөрмөлөр электрондук ыкма менен бериле баштайт. Бул тууралуу шаардын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди. Анын айтымында, документтерди кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү Бишкектеги төрт райондук ички иштер башкармалыктарында жүргүзүлөт. «Санариптештирүүнүн алкагында өткөрмө берүү боюнча электрондук тутум ишке киргизилип жатат. Эми үйдөн чыкпай эле өткөрмө алууга болот. Ошондой эле, 1312 ыкчам байланыш телефон номуру иштеп жатат», - деди ал. Читать дальше...

Azattyk.org 

Швеция COVID-19 менен күрөштө башка жолду тандады

Дүйнөнүн улам бир өлкөсү коронавирустун жайылышын кармап туруу үчүн катаал чараларды көрүп, карантин же өзгөчө абал киргизип жаткан кезде Швеция европалык мамлекеттердин арасынан жалгыз болуп жарандарынын күнүмдүк турмушун дээрлик өзгөртүүсүз калтырды.

Azattyk.org 

Баткенде жана Жалал-Абадда жер титиреди

Кыргызстандын аймагында бир суткада эки жолу жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 29-мартта саат 10:51де жердин титиреши Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Беш-Бадам, Кызыл-Гава айылдарында беш балл, Базар-Коргон, Масы, Үч-Булак, Кызыл-Октябрь айылдарында 4,5 балл, Жалал-Абад, Көк-Жаңгак шаарларында 3,5 балл болду. Ушул эле күнү 16:04тө Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Шахимардан айылында 2,5 баллга чейин сезилди. Баштапкы маалымат боюнча,... Читать дальше...

Azattyk.org 

ИИМ: Өзгөчө абал убагында журналисттерге аккредитация берилбейт

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал убагында журналисттердин көчөгө чыгып иштешине уруксат берилбейт. Бул тууралуу 30-мартта ички иштер министринин орун басары, Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди. Анын айтымында, мындай чектөөгө соңку абал боюнча жүргүзүлгөн талдоо себеп болду. Комендант журналисттерге кайрылып: «Биз кырдаалды талдап чыктык. Журналисттердин өздөрүнүн саламаттыгынын коопсуздугу үчүн аларга аккредитация бере албайбыз. Бул, биринчи кезекте... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте коменданттык саат учурунда 122 адам кармалды

Бишкекте 30-мартка караган түнү коменданттык саат эрежелерин бузган 122 адам кармалды. Бул тууралуу баш калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди. Анын айтымында, кармалгандардын 23ү аял, 97си эркек, экөө чет элдик жаран жана экөө өспүрүм. Коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Бул аралыкта аталган аймактарда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзбекстанда бардык аэропорттор ишин токтотту

Өзбекстанда 30-марттан тартып 20-апрелге чейин бардык аэропорттор өз ишин токтотту. Мындай чечимди Коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча атайын республикалык комиссия кабыл алды. Буга чейин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдөн келе албай жаткан жарандар үчүн чартердик авиакаттамдарды уюштуруу иштери жүрүп жатканын билдирген. Күн мурун 100дөн ашуун өзбекстандык Москвадагы «Внуково» аэропортунда күн кечирип, чартердик каттамды күтүп жатканы кабарланган. Стамбулдагы аэропортто да ушундай эле кырдаал түзүлгөн. Читать дальше...


В общежитии в Балашихе произошел смертельный пожар

Собянин: Москва всегда поможет молодежи в покорении новых вершин

Воробьев сообщил, что на месте «Крокуса» больше не будет концертного зала

АРМЕНИЯ. Скромный индус, русофобка и Урсула: Чего России и Кавказу ждать от новых властей ЕС?



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

"Молчали больше 20 лет": экономист Михаил Хазин рассказал, какую правду скоро озвучит Путин

Пять человек погибли в пожаре в балашихинском общежитии

"Кому не нравится музыка, можете покинуть вагон". А потом мигрант устроил драку

Губернатор Воробьев: концертного зала на месте сгоревшего «Крокуса» не будет

Музыкальные новости

Певица Алиса Вокс заявила, что страдает от аутоиммунного заболевания крови

Подведены Итоги Национальной Премии «Спорт и Россия - 2024»

Певица Наталья Самойлова презентовала новый клип «Голос природы»

Отношения с Ираном постепенно накачиваются // «Газпром» хочет закрепиться на Ближнем Востоке

Новости России

Молодожены в Богородском округе передали корма приюту животных

Власти Конго предлагают ЛУКОЙЛу участие в новых проектах

Сбежавшего на СВО подсудимого объявили в розыск

Академия Генерального штаба: от эпохи Николая I до Русско-японской войны

Экология в России и мире

Областная наркологическая больница продолжает неделю, приуроченную к Международному дню борьбы с наркоманией

Подвески, шармы и браслеты за покупку брендовой оптики: «585*ЗОЛОТОЙ» анонсировала новую акцию

СЛД «Москва-Сортировочная» филиала «Московский» компании «ЛокоТех-Сервис» оказывает содействие студентам Высшей инженерной школы

Отборочный этап «Абилимпикса» прошел в Реутове

Спорт в России и мире

Елена Рыбакина и Юлия Путинцева узнали соперниц на старте Уимблдона-2024

Медведев проиграл Джоковичу на выставочном турнире перед Уимблдоном

Россиянка Эрика Андреева вышла в финал квалификации Уимблдона

Российские теннисисты Хачанов и Самсонова отказались от участия в ОИ‑2024

Moscow.media

...Есть чем платить, но я не хочу победы любой ценой. Памятник Виктору Цою в Санкт-Петербурге

Комментировать олимпийские игры будет ИИ-клон 79-летнего диктора Эла Майклса

Заместитель Московско-Курского транспортного прокурора в рамках работы мобильной приемной провела личный прием граждан на Курском вокзале г. Москвы

Состоялась церемония вручения премии Men Today Trends







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *