Башкы прокурорлукка Курманкул Зулушевдин талапкерлиги каралууда
Башкы прокурордун кызматына Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин талапкерлиги каралууда. Бул маселени учурда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламент регламенти боюнча комитети талкуулаганы жатат. Башкы көзөмөл органына жетекчи болуп 2018-жылдын апрелинде дайындалган Өткүрбек Жамшитовдун кызматтан кетүү тууралуу арызын парламент бүгүн карап, макулдук берди. Зулушев 2000-2007-жылдары Нарын жана Чүй облустарынын прокуратура органдарында эмгектенген. Читать дальше...