Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Ноябрь
2020

Новости за 03.11.2020

Azattyk.org 

Ниццадагы кол салууга шектүү катары төрт киши кармалды

Франциянын түштүгүндө Ниццадагы чиркөөдөгү кол салууга байланыштуу дагы төрт шектүү кармалды. Бул тууралуу шейшембиде «France-Presse» агенттиги жазып чыкты. Бейшемби күнү Франциянын Ницца шаарында бычак менен куралданган киши чиркөөдөгү адамдарга кол салган. Анын жыйынтыгында үч адам каза болгон. Алардын бири, чиркөөгө келген аял өтө ырайымсыздык менен өлтүрүлгөн. Кол салуу үчүн шектүү полиция кармап жатканда жараат алган. Тергөөнүн жүрүшүнө кармалган адам 21 жаштагы тунистик Брахим Иссауи экени белгилүү болгон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстанда экс-министр Елжан Биртанов кармалганы расмий ырасталды

Казакстандын Финансы министрлигинин финансылык мониторинг боюнча комитети мурдагы саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов кармалганын ырастады. Аталган комитет тараткан маалыматта Биртановго өтө көп өлчөмдөгү бюджеттик каражатты максатсыз пайдалануу фактысы боюнча иш козголгону айтылат. Андагы маалыматка ылайык, мурдагы министр cоттун чечими менен камакка алынган. Елжан Биртановдун коррупция боюнча шектүү катары кармалганын өткөн аптанын соңунда казакстандык медиа каражаттары өз булактарына таянып, жазып чыгышкан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Экономика министрлиги: Кымбатчылыктын көп себептери бар

Экономика министрлигинин экономикалык саясатты башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси Насиридин Шамшиев баалардын көтөрүлүшүнө бир нече фактор себеп болуп жатканын «Азаттыкка» билдирди. «Эттин баасы быйыл тоют, жем кымбат болгондуктан, ошондой эле коңшу өлкөлөргө тирүү мал аткезчилик жол менен кетип жаткандыктан кымбаттады. Сүт, жумуртка да ушундан улам кымбаттап жатат. 2020-жылы кант кызылчасы мурдагы жылдарга салыштырмалуу аз айдалып, аны импорттоп жатабыз. Кыргызстанга кирген азык-түлүктүн 40% импорт түзөт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жапаровдун эл менен жолугушуусунда Зулушевдин өкүл баласы аким болгону айтылды

Мамлекет башчынын милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Ош шаарында эл менен жолугушуп жатканда «Өзгөн районунан келдим» деген аял башкы прокурор Курманбек Зулушевдин өкүл баласы районго аким болгонун айтып нааразы болду. «Сен өзүңдүн оозуң менен айтып жатасың, «коррупциясы жок акимдерди, башкаларды жумушка алып жатабыз» деп. Бирок мен Өзгөн районунан келдим, Өзгөн менен Советтин акими тааныштар аркылуу эле алмаштырылды. Өзгөн районунда Зулушевдин өкүл баласы аким болду. Ушуга көз кырыңды салып койсоң», - деди суроо бергендердин бири.

Azattyk.org 

Баш мыйзамдын талашы, Жапаровдун реформасы

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров 3-ноябрда Ош шаарында эл менен жолугушуу учурунда конституциялык реформалардын долбоору даяр болуп калганын билдирди.

Azattyk.org 

Венадагы кол салуудан каза болгондор төрт адамга жетти

2-ноябрдын кечинде Австриянын борбору Венадагы чабуулдан кеминде төрт адамдын өмүрү кыйылды. Жергиликтүү медиа жарадар болгон 17 адамдын ичинен жетидей бейтаптын абалы оор экенин кабарлап жатат. Куралчан адамдар Венанын алты аймагында, анын ичинде шаардын борборундагы синагоганын жанында жайкын тургандарга ок ата баштаган. Чабуул Австрияда коронавируска байланыштуу карантин башталарына бир нече саат калганда, ресторандар жабыла элек кезде болгон. Полиция «куралчан бир нече адам» кол салганын маалымдаганы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ооганстан: Университеттеги теракт үчүн «Ислам мамлекети» тобу жоопкерчилик алды

Кабулдагы университетте болгон кол салуу үчүн «Ислам мамлекети» жоопкерчилик террорчул тобу алды. 2-ноябрдагы кол салуудан кеминде 22 адам адам каза болуп, бир нече адам жаракат алган. Ооганстандын Ички иштер министрлигинин өкүлү Тарик Ариандин айтымында, куралчан үч согушкер университеттин кампусуна кирип, ок аткан. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери имаратты бошотуш үчүн согушкерлер менен беш саатка жакын атышты. Анын жыйынтыгында үч согушкер жок кылынды. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги теракттан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Садыр Жапаров: Кыргызстан Түркмөнстан болбойт

Жалал-Абад облусунда иш сапары менен жүргөн президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров эл менен жолугушууда суроолорго жооп берди. Суроо-жооп учурунда ал: «Кыргызстан эч качан Түркмөнстандагыдай болбойт. Айрым саясий күчтөр оозуна алы жетпей ушинтип айтып жатат. Оппозициялык күчтөрдү бийликке тартып жатам», - деди. 21-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламент шайлоолорду өз убагында өткөрүү маселесин чечип бериши зарыл деп эсептей турганын билдирген. Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШда президенттик шайлоо башталууда

Бүгүн АКШда соңку жылдардагы эң маанилүү болуп саналган президенттик шайлоо өткөнү жатат. Пандемиялык кырдаалда өткөн добуш берүүдө таптакыр эки башка көз караштагы талапкерлер президенттикке ат салышууда. Республикалык партиядан соңку төрт жылда Кошмо Штаттарды башкарып, өзүнө таандык консервативдик көз карашты алдыга сүрөгөн Дональд Трамп чыкса, Демократиялык партиянын талапкери - мурдагы вице-президент Жо Байден. Тажрыйбалуу саясатчы Байден коронавирусту жеңип, өлкөнү бириктирүүгө убада берүүдө. Читать дальше...

Azattyk.org 

ИИМ элдик кошуундун үч миңдей мүчөсүнө сыйлык берди

3-ноябрда Ички иштер министрлиги 5-октябрдагы окуялардан кийин Бишкек шаарындагы коопсуздукту сактоого катышкан ыктырдуу элдик кошуундун үч миңге жакын мүчөсүнө сыйлык тапшырды. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, алар «Шериктеш», «Кыргыз милициясына 95 жыл» медалдары менен жана Ички иштер министрлигинин ыраазычылык каты менен сыйланды. Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы башталган нааразылык акциялары башаламандыкка айланып, бийлик алмашуу менен аяктаган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Илимий изилдөө усулдары боюнча кыргызча колдонмо чыкты

Онлайн университет кыргыз тилинде «Изилдөө усулдары: коомдук жана гуманитардык илимдер боюнча колдонмо» аттуу колдонмо чыгарды. Бул колдонмо коомдук жана гуманитардык илимдер багытында илимий иштерди жүргүзүү жана жазуу боюнча жаш илимпоздордун усулдук даярдыгын жогорулатыш үчүн даярдалган. «Акыркы жылдарда КРнын Билим берүү жана илим министрлиги менен КРнын Жогорку аттестациялык комиссиясы илимий иштердин сапатын көтөрүү максатында изилдөө иштеринин аткарылышы боюнча бир нече жаңы талаптарды киргизген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Садыр Жапаров: бардык соккуну өзүмө алып Жээнбековго макам берүүгө кол койдум

Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Ош шаарында эл менен жолугушууда Сооронбай Жээнбековдун экс-президент макамы боюнча пикирин билдирди. Жапаров Жээнбековго экс-президент макамын ыйгарууга каршы чыккандар болгонун билдирди. «Экс-президент макамын берүүгө каршы болгондор болду. Бирок мен бардык соккууну өзүмө алып, экс-президент деген наам берип, буйрукка кол койдум. Анткени, бизде 30 жылдан бери экс-президентибиз жок. Экөөнү кубалап ийгенбиз, бирөөнүн макамын алып түрмөгө тыкканбыз. Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: Ысык-Көлдө жаан жаайт

Синоптиктер билдиргендей, 4-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.  Абанын температурасы: Нарын облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз 6...11, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...2, күндүз 6...11, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 0...5, күндүз 15...20... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бажы кызматы: мыйзамсыз машине ташып келүүдөн казына 80 млн. сомдон ашык зыян тарткан

Мамлекеттик бажы кызматы Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ), анын ичинде Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз ташылып кирген 52  автоунааны аныктады. Мекеменин маалыматына караганда мыйзамсыз иштин натыйжасында мамлекеттик казына 81 млн. 742 282 сом зыян тарткан.   Учурда чогулган материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө жүрүп жатат. Кыргызстанга ЕАЭБ өлкөлөрүнөн башка мамлекеттерден машине ташып келүүдө жогорку тариф менен бажы салыктары алынат. Адистер... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сүрөт көргөзмөлөрдүн сезону ачылды

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук  көркөм сүрөт музейинде 2-ноябрда Сүрөтчүлөр союзунун республикалык күзгү көргөзмөсү ачылды. Көргөзмө  Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына арналды.

Azattyk.org 

Жакында коронавирусту дарылоо боюнча бешинчи протокол чыгат

Саламаттык сактоо министрлигинин башкы пульмонологу Талант Сооронбаев коронавирусту дарылоо боюнча бешинчи протокол даярдалып жатканын кабарлады. Анын айтымында, азыркы тапта бейтаптар төртүнчү протокол менен дарыланууда. «Кабыл алынган бир протоколдун негизинде иш алып барышыбыз керек. Жакынкы эки аптанын ичинде бешинчи протокол даяр болот. Анда бардык кемчиликтер оңдолгон. Вирусту үйдө дарылоо, ооруканада кароо, сасык тумоо менен коронавирус аралашса эмне болот деген суроолордун баары камтылат», - деди Сооронбаев. Читать дальше...

Azattyk.org 

Тышкы иштер министри Пакистандын элчиси менен жолукту

2-ноябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Пакистандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Тарик Ханды кабыл алып, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда Казакбаев өлкөдө саясий абал турукташып, укуктук алкакка кайтып келгени жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле тышкы саясат мекемесинин башчысы чет өлкөлүк инвестициянын коопсуздугун мамлекеттик мыйзамдар аркылуу камсыз кылууга бардык чаралар көрүлөрүн билдирди. 29-октябрда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Доллардын курсу 84 сомдон ашты

Кыргызстанда доллардын курсу күн сайын көтөрүлүп баратат. 2-ноябрда менчик акча алмаштыруучу жайларда 83 сомго жеткен бир АКШ доллары 3-ноябрда 84 сом тогуз тыйынга бааланды. Улуттук банктын расмий сайтында курс 81 сом 80 тыйын бойдон өзгөрбөй турат. Доллардын кыргыз сомуна карата курсу жогорулап кетишине ага суроо-талап күчөгөнү себеп болууда. Бул тууралуу Улуттук банк 2-ноябрда маалымдады. Мекеме «Tazabek» басылмасына билдиргендей, 1993-жылдан бери чет өлкөлүк валюталардын курсу суроо-талапка жана сунушка жараша калыптанып келет. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жапаров: долбоордо парламенттин жарымы бир мандаттуу, жарымы партиялык система менен деп жазылды

Ош шаарында иш сапары менен жүргөн президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров эл менен жолугушууда суроолорго жооп берди. Суроо-жооп учурунда ал Баш мыйзамдын долбоорунда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жарымы бир мандатуу, жарымы партиялык система менен шайланып келиши жазылганын билдирди. Жапаров парламенттин толук партиялык система менен шайланышын туура эмес деп эсептейт. «Партиялык система деп үчүнчү жолу келип мамлекетти талкалап, сазга батырды. Азыр жаңы конституциялык реформалар... Читать дальше...

Azattyk.org 

Вирус жуккан 109 адамдын абалы оор

Коронавирус менен күрөш боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, коронавирус жуккан 109 бейтаптын абалы өтө оор болуп турат. 937 бейтап оор абалда, 2256 киши орто, 56 кишинин абалы канааттандырарлык, стационарда дарыланып жатышат. Ооруканаларда жалпысынан 3367 бейтап бар. Амбулатордук негизде 3889 адам дарыланууда. 3-ноябрда өлкөнүн башкы пульмонологу Талантбек Сооронбаев вирус жуккан адамдардын 80% дары-дармексиз эле айыкса болорун айтты. Ал ошондой эле өлкөдө коронавирус менен ооругандарды... Читать дальше...

Azattyk.org 

Үсөнбаев: Мектептерди ачуу маселеси каралууда

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 3-ноябрдагы брифингде мектептерди ачуу маселесин азырынча ар бир мектептин өз жетекчиси өз шартына ылайык карап жатканын билдирди. «Экинчи чейректен тартып балдарды оффлайн окутуу, мектептерди ачуу боюнча чечим каралып, азыр талкууланып жатат. Мектептерди ачууну 11-ноябрдан тартып баштасакпы деп убактысын карап жатабыз. Кандай режимде, кайсы класстар мектепке барып окуй турганы да сүйлөшүлүүдө. Аймактарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары... Читать дальше...

Azattyk.org 

Садыр Жапаров: Парламенттик шайлоо башкаруу системасы алмаштырылгандан кийин өтөт

Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров конституциялык реформалардан кийин гана парламенттик шайлоо өтөрүн билдирди. Ал бул тууралуу Ош шаарындагы эл менен жолугушууда айтты. «Спикер, бардык фракциялардын жетекчилери менен кеңешип, баарыбыз бир жыйынтыкка келдик. Мыйзамды бузбаш үчүн, шайлоону 1-июнга чейин жылдыра турган мыйзам кабыл алып, мен кол коюп күчүнө кирди. Мыйзамдын негизинде жылдырылды. Анткени конституциялык реформаларга барып, башкаруу системасын алмаштырып алып, анан шайлоо өткөрөлү деп чечтик. Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ: Эки талапкердин элине берген убадасы

Тарых көрсөткөндөй, АКШда Ак үйгө кайсы гана президент келбесин, үгүт өнөктүгү маалында элге берген кабат-кабат убадаларын, өзгөчө аша чаап айтып ийгендерин ишке ашыруу өтө кыйын. Анткени, Капитолий дөңсөөсүндө отургандар менен мунаса табуу оңой эмес. Андан башка дагы факторлор көп. 3-ноябрда өтө турган шайлоодо ат салышып жаткан азыркы президент Дональд Трамп менен мурдагы вице-президент Жо Байден америкалыктарга эмне убада беришти? Саламаттык сактоо Трамп 2010-жылы ошол кездеги президент... Читать дальше...


Тяпушкин: «За Сафонова «Зениту» пришлось бы платить сумасшедшие деньги»

В общежитии в Балашихе произошел смертельный пожар

Власти Конго предлагают ЛУКОЙЛу участие в новых проектах

Губернатор: в больницах Севастополя остаются 23 человека



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Песков: собаки, подаренные Путину Ким Чен Ыном, уже адаптируются в Москве

Пять человек погибли в пожаре в балашихинском общежитии

"Кому не нравится музыка, можете покинуть вагон". А потом мигрант устроил драку

"Молчали больше 20 лет": экономист Михаил Хазин рассказал, какую правду скоро озвучит Путин

Музыкальные новости

Иерей Александр Туховский: "Братья и сестры, прошу помочь моей семье, священнику, вдовцу, отцу троих детей..."

Рысаки для Ким Чен Ына: коневод из Татарстана стал «другом корейского народа»

Работники Улан-Удэнского ЛВРЗ высадили деревья в честь полувекового юбилея БАМ

Камила Валиева поступит в ВУЗ и будет учиться на тренера

Новости России

РБК: концертный рынок РФ испытывает сложности из-за нехватки выступлений

Молодожены в Богородском округе передали корма приюту животных

Песков: собаки, подаренные Путину Ким Чен Ыном, уже адаптируются в Москве

Академия Генерального штаба: от эпохи Николая I до Русско-японской войны

Экология в России и мире

Дети Азии приняли директоров крупнейших цирков - Театр и Цирк, Культура и Концерт - Россия и Дети

На Дети Азии приехали директора крупнейших цирков и продюсеры, профессиональные артисты - Театр и Цирк, Культура и Концерт - Россия и Дети

Врач дерматолог-косметолог Мадина Байрамукова: что делать, если вас ужалила медуза

Аромат романса и романтика слова – звезды оперной сцены представили I Международный фестиваль «Мир классического романса»

Спорт в России и мире

Уроженка Тамбова Арина Родионова вышла во второй круг квалификации Уимблдона

Хачанов и Калинская выступят на турнире в Вашингтоне, который пройдет во время Олимпиады

МОК официально допустил Медведева, Сафиуллина, Александрову и Андрееву на Олимпиаду

Медведев проиграл Джоковичу на выставочном турнире перед Уимблдоном

Moscow.media

Как снимали фильм "Афоня": Кадры со съемок и 23 интересных факта о фильме

Военные следователи провели рейд по бывшим мигрантам в Феодосии

В Коми вагоны поезда сошли с рельс, пострадали более 70 человек

Более 12 млн раз проехали автомобилисты по платной трассе М-12 Восток







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *