Казакстан: митингдерде миңден ашуун киши жаракат алды
Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө нааразылык акциялары башталгандан бери миңден ашуун адам жаракат алганын билдирди. Алардын ичинен кеминде 400 киши ооруканага жеткирилген. Учурда 62 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат. Казакстанда демонстрациялар маалында ондогон адамдар мерт болгону кабарланып жатат. Алардын канчасы митингге чыккан адамдар экени так белгисиз. Ички иштер министрлиги 18 кызматкери каза тапканын маалымдаган. 2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын... Читать дальше...