Зеленский Байден менен Путинге үч тараптуу сүйлөшүү өткөрүүнү сунуштады
Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын президенти Жо Байденге жана Орусиянын президенти Владимир Путинге үч тараптуу жолугушуу өткөрүүнү, болбосо видеоформат аркылуу сүйлөшүүнү сунуштады. Бул тууралуу жума күнү украин президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак кабарлады. Анын айтымында, Зеленский өз демилгесин Байденге айтты. Качан айтканын тактаган жок. Андрей Ермак “америкалык өнөктөштөр бул сунушту кызыгуу менен кабыл алышканын” белгилеп, орус тараптан эч кандай реакция боло электигин кошумчалады. Читать дальше...