Жо Байден менен Си Цзиньпин Орусиянын Украинага кол салышын талкуулашты
АКШнын президенти Жо Байден менен Кытайдын лидери Си Цзиньпин видео байланыш аркылуу сүйлөшүп, Орусиянын Украинага кол салышы жана ага карата Бээжиндин позициясы жөнүндө сөз кылышты. Ак үйдүн маалымдашынча 18-марттагы сүйлөшүү эки саатка жакын убакытка созулду. Сүйлөшүүнүн башка деталдары айтылган жок. Анын алдында АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен брифинг учурунда Байден сүйлөшүүдө “эгер Кытай орус агрессиясына колдоо көрсөтсө анын арты оор болорун" эскертмек деп айткан. Кытайдын тышкы иштер... Читать дальше...