Бельгия: карнавалдын катышуучуларын машине сүзүп, алты адам каза болду
20-мартта Бельгиянын Стрепи-Бракень шаарында катуу ылдамдыкта келген автоунаа карнавалдын катышуучуларын сүзүп, кырсыктан кеминде алты адам каза болду. 10 чакты адам өтө оор, дагы ондогон адамдар жеңил жаракат алды. Өлкөнүн прокуратурасы кылмышка шектелип отуз жаштардагы жергиликтүү эки тургун кармалганын маалымдады. Тергөөнүн баштапкы этаптарында алардын аракеттеринен террордук мотив аныкталган жок. Стрепи-Бракень шаары борбор Брюсселден 50 чакырымдай алыстыкта жайгашкан. Анда түрдүү костюмдарды... Читать дальше...