Блогер 48 саатка камакка алынды
Социалдык тармактарда Адилет Балтабай деген ысым менен белгилүү болгон блогер, Next TV телеканалынын штаттан тышкаркы кабарчысы Адилет Али Мыктыбекти Бишкектин Биринчи май райондук милициясы 48 саатка камакка алды. Бул тууралуу оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков “Азаттык” радиосуна кабарлады. “Биз адвокат табууга аракет кылып жатабыз. Анын өзүнүн адвокаты жок болуп жатат. Бирок тергөөчү мамлекеттик адвокат алып келип эле кармоого даярдады. Анын бул жерде эч кимиси деле жок болчу. Жакындары баары айылда. Читать дальше...