Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Июль
2022

Новости за 14.07.2022

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту зордуктоо боюнча чечимге түшүндүрмө берди

Бишкек шаардык соту тараткан маалыматка ылайык, 13 жаштагы кызды зордуктоо тууралуу окуя 2013-жылы сентябрь айында болгон. 2015-жылдын июнь айында жабырлануучунун апасы Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Сентябрь айында кылмыш иши козголуп, 16 жаштагы эки балага айыбы угузулган. Шаардык соттун маалыматына караганда, шектүүлөр жашаган жеринен кетпөө тил каты менен бошотулган. Тергөөдөгү кемчиликтерди толуктоо үчүн кылмыш иши кайрадан укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн. Ишти... Читать дальше...

Azattyk.org 

Шри-Ланканын президенти кызматтан кеткенин Сингапурдан жарыялады

Шри-Ланканын өлкөдөн качып кеткен президенти Готабая Ражапакса Сингапурда туруп кызматын тапшырганын жарыялады. Өз арызын ал парламенттин спикерине электрондук почта аркылуу жөнөттү. Сингапурдун өкмөтү Шри-Ланканын экс-президенти жеке визит менен келгенин жана башпаанек сурап кайрылбаганын маалымдады. 9-июлда нааразылыкка чыккан митингчилер президенттин резиденциясын жана башка бир катар өкмөттүк имараттарды ээлеп алышкан. Мамлекет башчысы Готабая Ражапакса коопсуз жерге чыгарылып кеткен жана... Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ менен Израилдин лидерлери “Иерусалим декларациясына” кол коюшту

АКШнын президенти Жо Байден расмий иш сапарынын алкагында Израилдин премьер-министри Яир Лапид менен 14-июлда “Иерусалим декларациясына” кол коюшту. Анда алар Израилдин өзүн-өзү коргоосу жана анын коңшусу Иранды өзөктүк куралга ээ болтурбоо маселелери камтылды. “Биз Иранга өзөктүк куралга ээ болуусуна эч качан жол бербейбиз”,-деди Байден кол коюу аземинен кийинки биргелешкен басма сөз жыйынында. Яир Лапид документ кабыл алынгандан соң сүйлөп жатып “эркин дүйнө күч менен жооп берерин Иран сөзсүз... Читать дальше...

Azattyk.org 

Апсатаровдун кызматтан кетиши талкууну күчөттү

УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары Бекбосун Апсатаровдун кызматтан кеткени расмий кабарланды. Атайын кызматтагы мындай өзгөрүү кызуу талкууга негиз болуп жатат. Анткени Апсатаров Садыр Жапаровдун жакын адамы катары сыпатталып келген. Кеч жарыяланган расмий маалымат УКМКда экинин бири болуп турган Бекбосун Апсатаровдун кызматтан кеткенин журналисттер 4-июлда эле жазып чыгышкан. Бирок расмий органдар маалыматты тастыктап же төгүндөгөн эмес. Социалдык тармактарда Камчыбек Ташиевдин биринчи орун басары боюнча талкуу күчөп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аскердик кылмыштарга айыпталган ирандык жаран Швецияда өмүр бою камалды

Швециянын соту Ирандагы 1988-жылкы аскердик кылмыштарга айыпталган мурдагы ирандык түрмө кызматкери Хамид Нурини өмүр бою абакка кести. 61 жаштагы Нури “эл аралык укукка каршы олуттуу кылмыштары" жана “адам өлтүрүү” беренелери менен күнөөлүү деп табылды. Соттолуучу өкүмдүн үстүнөн даттана алат. Швецияда өмүр бою деп берилген абак адатта 20-25 жылды түшүндүрөт. Жаза мөөнөтү андан кийин узартылышы мүмкүн. 33 жыл мурда Иранда ошол кездеги жогорку лидери Аятолла Рухолла Хомейнинин буйругу менен беш миңдей саясий туткун дарга асылган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Министр 1-2-класстын окуучуларына баа коюлбай турганын билдирди

Жаңы окуу жылынан баштап мектептеги 1-2-класстын окуучуларына сабактагы жетишкендиктери үчүн баа коюлбайт. Алардын билимин баалоо 3-класстан башталарын билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев 14-июлда журналисттер менен жолугушуусунда билдирди. Министрдин айтымында, мектептерде билим берүү чет тилдерге жана маалыматтык технологияларга багытталат. Алмаз Бейшеналиев билим берүү тармагында реформалар башталаарын айтып келет. Анын алкагында жаңы окуу жылына карата миңге чукул мектептин директору алмашат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Укук коргоочу секелекти зордуктоого айыпталгандар камактан чыгып кеткенин кабарлады

Балдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова майыптыгы бар 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча иште эки айыпталуучу айып пул төлөп абактан бошотулганын айтып чыкты. Анын айтымында, окуя жети жыл мурун болгон. Турдубекова алар атайын сотту создуктуруп, учурда күнөөлүү деп табылганы менен кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жабырлануучуларга 100 миң сом чегерип берүү чечими чыкканын айтты. Бул боюнча чечим чыгарган Бишкек шаардык сотунан коменттарий бериле элек. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча... Читать дальше...

Azattyk.org 

Путин “чет элдик тыңчылар” жөнүндө жаңы мыйзамга кол койду

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдөгү “чет элдик тыңчылар” деп аталгандардын макамын жөнгө салуучу жаңы мыйзамга кол койду. Ага ылайык, эми чет элден каржылоо алгандарга эле эмес, чет элдиктердин таасиринде болгондорго дагы ушундай макам тагылып турат. Жаңы эрежелер 1-сентябрдан тартып күчүнө кирет. “Чет элдик тыңчылар” макамын алган адамдарга жана уюмдарга мамлекеттик мектептерде жана окуу жайларда окутуу иштерин жүргүзүүгө, жашы жете электер арасында агартуу иштерин алып барууга жана чыгармачылык... Читать дальше...

Azattyk.org 

Милиция: кыз уурдоого шектүүлөр кармалды

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмү шаарда кыз уурдоого шектелип 25 жана 26 жаштардагы үч киши кармалганын маалымдады. Милициянын кабарлашынча, 11-июлда Бишкек шаарынын тургуну аны эртең менен күчкө салып, никеге туруу үчүн белгисиз кишилер уурдап кеткени тууралуу арыз менен кайрылган. Арыз Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси («Никеге туруу максатында ала качуу») менен катталган. Кылмышка шектүү катары кармалган үч жаран №1 Тергөө абалына эки айга камалды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Милиция: кыз урдоого шектүүлөр кармалды

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмү шаарда кыз урдоого шектелип 25 жана 26 жаштардагы үч киши кармалганын маалымдады. Милициянын кабарлашынча, 11-июлда Бишкек шаарынын тургуну аны эртең менен күчкө салып, никеге туруу үчүн белгисиз кишилер уурдап кеткени тууралуу арыз менен кайрылган. Арыз Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси («Никеге туруу максатында ала качуу») менен катталган. Кылмышка шектүү катары кармалган үч жаран №1 Тергөө абалына эки айга камалды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ош: жашоочулар турак үйдүн бүтпөй турганына нааразы

Ош шаарында ишкер Жалил Атамбаевге тиешеси бар делген “ЖБК-строй” курулуш компаниясынан батир сатып алгандар турак жайдын инженердик-коммуникациялык иштери толук бүтпөй калганына нааразы. Мэрия мындай көрүнүшкө куруучулар батир ээлеринин карызы бар экенин жүйө келтирет дейт. Шаардык прокуратура бул боюнча козголгон иш кайра жанданганын, тергөө эки айдан кийин аяктай турганын билдирген.

Azattyk.org 

Кыргызстанда 47 адамдан коронавирус аныкталды

14-июлга карата Кыргызстанда коронавирус 47 адамдан катталды. Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, 40 адам оорунун белгилерин байкап ооруканага кайрылышкан, жети адамдан ПЧР-тест тапшырууда аныкталган. Алардан 46 киши амбулатордук дарыланууда, бирөө ооруканада жатат. Санэпидкөзөмөл жана оорулардын алдын алуу борбору азырынча бардык облустар жашыл аймакта экенин, бирок илдеттин жугушу күн санап өсүп жатканын маалымдаган. Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда коронавирус... Читать дальше...

Azattyk.org 

УКМК: милиционердин үйүнөн мыйзамсыз жүргөн чет элдиктер табылды

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилеринин биринин үйүнөн өлкөгө мыйзамсыз кирген үч чет өлкөлүк табылганын маалымдады. “Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин ("Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү") негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Лейлек райондук ИИБ жетекчилеринин бири У.Ж.Н. үйүндө жүргүзүлгөн тинтүү учурунда Кыргызстанга мыйзамсыз келген коңшу мамлекеттин үч жараны аныкталды”, - деп айтылат маалыматта. Читать дальше...

Azattyk.org 

Шри-Ланкадагы демонстранттар өкмөттүк имараттарды бошотту

Шри-Ланканын борбору Коломбодо нааразылыкка чыккандар парламенттин спикери Махинда Япа Абейварден менен узак сүйлөшүүдөн кийин басып алган өкмөттүк имараттарды бошотушту. 9-июлда нааразылыкка чыккан митингчилер президенттин резиденциясын жана башка бир катар өкмөттүк имараттарды ээлеп алышкан. Мамлекет башчысы Готабая Ражапакса коопсуз жерге чыгарылып кеткен жана парламенттин талабы менен кызматын 13-июлда тапшырып берүүгө макул болгон. Бул күнү эртең менен ал акцияга чыккандардын талабына ылайык кызматын тапшырбай, өлкөдөн качып кеткен. Читать дальше...

Azattyk.org 

Балдарды бул дүйнөдөгү "тозоктон" коргойлу

Аскер Сакыбаева - журналист. Бир катар басылмаларда эмгектенген. Соңку кезде эркин медиалар менен кызматташып келет.     Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт! Өткөндө эле балдарды түшүнүү, кабыл алуу, колдоо, тарбиябыз жетпей жатканы жөнүндө жаздым эле. Бирок акыркы кездеги айрым эки буттуу айбандардын балдарга карата кылмышы дагы жазууга түртүп жатат. “Азаттыкка” чыккан 13 жаштагы кыздын узак убакыт бою төрт эркек тарабынан зордукталып келгени – секелектин бу дүйнөдө эле тозокко түшүп жатканынан кабар берет. Читать дальше...

Azattyk.org 

Дача СУ: комиссия мүчөсү элден чогулган акчадан казынага да берилгенин айтып чыкты

Дача СУ каргашасын иликтеген коомдук комиссиянын кезектеги жыйыны өтүп жатат. Комиссиянын мүчөсү, журналист Дилбар Алимова кырсыктан кийин элден чогулган акчанын айрым бөлүгү казынага жана Социалдык фондго өткөрүлгөнүн кабарлады. Журналист бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды. “Элден чогулган акчанын 30 283 620 сомун бюджетке, 390 455 сомун Соц.фондго өткөрүп берип салышкан. "Эмне үчүн?" деген суроону бердим, анткени биздин жарандар бюджетти колдойбуз деп акча салышкан эмес да? Ал кездеги... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кумтөр кениндеги жарака кеткен аймакта иш жанданды

“Kумтөр Голд Компани” ишканасы кен казылган карьердеги №20 жумушчу аймагында иштер жанданганын маалымдады. Мекеменин сайтында жер кыртышынын жылышы токтогону, коопсуздук чаралары күчөтүлгөндөн кийин тилкедеги убактылуу токтотулган иштер жанданганы айтылат. Буга чейин компания Кумтөр алтын кенине алыскы аралыктан көзөмөл жүргүзүп туруучу атайын жабдык сатылып алынганын билдирген. 6-июлда "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин президенти Тенгиз Бөлтүрүк Фейсбуктагы баракчасына бул тууралуу видео менен коштолгон пост жарыялаган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Белужистандагы жикчилдер пакистандык офицерди барымтага алды

Пакистандын тынчыбаган Белужистан провинциясындагы жикчил куралдуу топтор өкмөттүк армиянын офицерин кармап, барымтага алышты. Бул тууралуу маалыматты “Азаттыктын” Пакистан кызматы – “Машаал” радиосуна өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү ырастады. Кабарларда айтылгандай, Зиарат деп аталган шаарда куралдуу адамдар блокпост орнотуп, ар бир автоунааны текшерип турушкан. Офицердин аты-жөнүн жана кызматын билип алышкандан кийин аны кармап, белгисиз жакка алып кетишкен. Белужистан провинциясынын башкы... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Одинаны короосуна көөмп койгон". Зомбулуктун курмандыгы

Сузакта аялын өлтүрдү деген шек менен кармалып, убактылуу абак жайында жаткан жаран кайын-журтун өлтүрөм деп коркутууда. 25 жаштагы келин Одинанын сөөгү үч-төрт жыл мурда ажырашып кеткен күйөөсүнүн короосунан 23-июнунда табылган. Үй-бүлөдөгү зомбулук адам өмүрүн алып, эки баланы жетим калтырды.

Azattyk.org 

Таласта төрт киши күйдүргүгө шек саналып ооруканага түштү

Талас облусунун Кара-Буура районунда төрт адамдан күйдүргүнүн (сибир жарасы) белгилери аныкталды. Бул маалыматты райондук санитардык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы дарыгери Элина Качыбекова "Азаттыкка" тастыктады. Анын айтымында, алар азыр ооруканада, абалы жакшы. "Көк-Сай айылында ичи көөп кеткен уйду союшкан экен. Анын этин онго жакын үй-бүлө бөлүп алышыптыр. Учурда төрт адамдын колунда жаралар байкалууда, райондук ооруканада жатышат. Алардын анализи таза чыкты. Анткени антибиотик ичип алышыптыр. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Халифатты көздөшөт". Чөлкөмдү сестенткен экстремизм

Ички иштер министрлиги Борбор Азия аймагында экстремисттик жана террордук коркунучтун деңгээли жогорулаганын билдирди. Мекеме эл аралык экстремисттик жана террордук уюмдар аймактагы өлкөлөрдүн ички чыр-чатактарына активдүү катышууга умтулуп жатат дейт. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Ооганстандын түндүк провинцияларында топтолгон түрдүү мыйзамсыз куралдуу түзүмдөр жана эл аралык террордук уюмдар позицияларын бекемдеп, жаңы таянычтарды түзүүнү көздөп жатат. "Алардын максаты - халифат... Читать дальше...

Azattyk.org 

Genocide Watch: Тоолуу Бадахшандын тургундары куугунтукка кабылды

Дүйнөдөгү геноцид окуяларына көз салган Genocide Watch уюму Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун тургундарды расмий Дүйшөмбү куугунтуктап, басмырлап, камап жатканын билдирди. Май айында бийликтин «антитеррордук операциясынын» жүрүшүндө расмий маалыматтарга караганда ондон ашуун жергиликтүү тургун жок кылынып, жүздөн ашык кармалган. Genocide Watch тараткан билдирүүнүн авторлору тажик бийлигин этникалык памирликтерди куугунтуктап, коркутуп-үркүтүп, камап жатканы үчүн айыпташкан. Анда белгиленгендей... Читать дальше...

Azattyk.org 

Зулушев партиялык системаны алсыз кадрларды кызматка койгон деп айыптады

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Кыргызстанда партиялык башкаруунун арты менен кадр маселеси жаралганын 14-июлда Ноокен районунун тургундары менен жолугушууда айтты. Ал партиялардын активисттери билимине, сабатына карабай, айыл өкмөттөргө чейин жетекчилик кызматтарга коюлуп калганы өлкөнүн өнүгүүсүнө бут тосуп келген деп эсептейт. Баш прокурор Жалал-Абад - Маданият жолунун курулушу кечигип жатканын белгилеп, жолдун сапаты да көзөмөлдөнөөрүн билдирди. Жолугушууда балдарга жөлөк пул берүү маселеси да козголуп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Мамкаттоонун кызматкерлери сотто Темировго паспорт мыйзамдуу берилгенин айтышты

Журналист Болот Темировдун паспортуна байланыштуу кылмыш иши боюнча Свердлов райондук сотунда жүрүп жаткан соттук териштирүү 14-июлда уланды. Жараянда Өзгөн райондук мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери Эрнис Абдырахманов жана башка кызматкерлер көрсөтмө берди. Алар Темировго паспорт мыйзамдуу берилгенин тастыкташты. Бул тууралуу журналист өзү "Азаттыкка" билдирди. Болот Темировдун паспортуна байланыштуу 20-апрелде Жазык кодексинин “Документ жасалмалоо”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” боюнча эки кылмыш иши козголгон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Садыр Жапаров: Берилген тапшырмалар Чүйдө начар аткарылды

Президент Садыр Жапаров 14-июлдагы өкмөттүн жыйынында берилген тапшырмалар Чүйдө эң начар аткарылганын билдирди. Буга байланыштуу аталган облустагы президенттин өкүлү Нурил Алымбаевге кайрылып, ишти күчөтүүнү тапшырды. "Жалпы берилген тапшырмалардын саны 5700дөн ашкан, анын ичинен мөөнөтү өтүп, аткарылбай калганы 5,2% болду. Бул боюнча эң начар көрсөткүч Чүй облусунда болду. Чүй облусундагы өкүлүбүз туруңузчу. Эмне үчүн сизде мындай начар көрсөткүч болуп жатат? Сиздин мамлекеттик кызматтагы тажрыйбаңыз башкаларга караганда өтө көп. Читать дальше...


В Музее Победы прошла церемония награждения молодежной программы «Нахимовская ленточка»

Попали под замес: как в России меняется мода на выпечку

Рябков: Россия тщательно следит за реакцией Запада на изменение ядерной политики

Держат на высоте: полная стоимость ипотеки превысила 23%



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Администрация Чехова провела выездную встречу с жителями села Троицкое

Россиянам рассказали, кто получит двойную выплату к пенсии

Израильская армия впервые призвала жителей Бейрута эвакуироваться из определенных районов

Ͷcтοpиκ: Ηa Πутинa мοлятcя cοтни миллиοнοв, тeпepь глaвнοe нe «cлить»

Музыкальные новости

Рифат Сабитов: "Персональные данные в системе Google не защищены"

Учреждения уголовно-исполнительной системы Дагестана присоединились к Всероссийской акции «Зеленая Россия»

Mash: Константина Хабенского выписали из больницы после недельного лечения

Агния Кузнецова в шоу «Вкусно с Анфисой Чеховой» рассказала, как убедила Балабанова взять на роль её однокурсника

Новости России

В Узбекистане призвали запретить въезд представителю МИД России Марии Захаровой

Держат на высоте: полная стоимость ипотеки превысила 23%

Рябков: Россия тщательно следит за реакцией Запада на изменение ядерной политики

Более 40 предпринимателей побывали на встрече с администрацией Реутова

Экология в России и мире

Желдорреммаш определил лучших работников локомотиворемонтных заводов 2024 года

Питание и здоровье: чего нам не хватает?

Очень модный гардероб для этой осени: примеры образов

Яна Рудковская, Ксения Собчак, Seville, Снежана Георгиева и другие гости светской презентации нового клипа Мота

Спорт в России и мире

Эйсинг-777 // Марин Чилич стал самым низкорейтинговым чемпионом турнира АТР

Кудерметова вышла в третий круг турнира WTA 1000 в Пекине

Зарина Дияс может встретиться с Ариной Соболенко на топовом турнире

Александр Зверев снялся с турнира ATP-500 в Пекине

Moscow.media

В «Деловых Линиях» рассказали о росте спроса на интеграционные решения более чем в 3 раза

Беспроводной сканер штрих-кодов SAOTRON P05i промышленного класса

Для ремонта дорог в Петербурге в 2025 году ищут подрядчиков

Забетонирована первая опора моста «Парус»







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *