Ошто улут, дин аралык ынтымакка үндөгөн иш-чара өттү
Ош шаардык казыяты жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге "Биримдик жана ынтымак - бакубатуулук" аталышында жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. Анда “үй-бүлө баалуулуктарын сактоо”, “жалган маалымат таратуунун кесепеттери”, “этностор аралык ынтымак, нарк-насил маселелери”, “конфессиялар жана этностор аралык ынтымак” темасында баяндамалар жасалды. Жыйында диний ишмерлер, мэрия жетекчилеринен сырткары Кыргызстан калкы ассамблеясынын өкүлдөрү катышты. Читать дальше...