Балбан Акжол Махмудов дүйнө чемпиону болду
Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында балбан Акжол Махмудов алтын медал тагынды. 11-сентябда финалдык таймашта ал грек-рим күрөшүнөн 77 кг салмакта венгриялык Золтан Леваини 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, дүйнө чемпиондугун жеңди. Мажар балбаны менен Акжол Махмудов буга чейин эки жолу беттешип, бир жолу жеңип, бир ирет утулган. Бул салмакта таймаштар 10-сентябрда башталган. Ал күнү Акжол Махмудов төрт атаандашын утуп, финалга чыккан. Алгач бразилиялык Жоилсон Де Брито Рамос Жуниорду 11:1... Читать дальше...