Мекен үчүн жан берген аскерлер
"Данисте" берүүсүнүн бул жолку чыгарылышын Баткенде чек арада элин-жерин коргоп, курман болгон жоокерлерге арнайбыз. Аскерден кайтарына аз калган Бекболсун Ырысбек уулу жакында 23 жашка толмок. 26 жаштагы Бейкут Алмаз уулу чек арада өтөгөн кызматы үчүн “Эрдик” медалы менен сыйланган эле. Баткендеги куралдуу кол салуудан Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган эки жоокер каза болду. Танкисттердин биотлонунда жеңишке жеткен Чыңгыз Акчаловду өзү туулуп-өскөн Таластагы айылында акыркы сапарга узатышты.