Жонсон Британиянын премьерлигине кайрадан жарышка түшүүсү мүмкүн
Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Борис Жонсон ички добуш берүүдө 100дөн ашык консерватор-депутаттын колдоосуна ээ болгону кабарланды. Бул тууралуу бир катар британ басылмалары Жонсондун айланасындагы булактарга таянуу менен жазды. Депутаттардын 100дөн ашыгы колдогон талапкер шайлоого катыша алат. Дагы бир талапкер болушу ыктымал Риши Сунактын жактоочулары Жонсонду колдогондордун саны тууралуу маалыматтан күмөн санап, аны далилдөөнү талап кылып жатышат. Би-би-синин өзүнүн эсебине ылайык... Читать дальше...