Милиция Караколдо күйөөсү бычактаган келин каза болгонун билдирди
Каракол шаардык милициясы ажырашкан күйөөсүнүн колунан каза тапкан келиндин өлүмүнүн чоо-жайын териштире баштаганын Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 9-ноябрда Караколдогу “Кумтөр” деп аталган соода борборунда болгон. Каза болгон келин 30 жашта болгону, 35 жаштагы күйөөсү менен ажырашып кеткени, экөө сүйлөшүү үчүн жолукканы, ортодо уруш чыгып, күйөөсү аялын бычактаганы маалымдалды. Келин ошол жерден жан берген, өзүнө да кол салган эркек облустук ооруканага жеткирилген. Читать дальше...