Түркия: Бишкек куткаруучуларды, вандыктар 30 боз үй жиберди
"Азаттык" Түркиянын зилзаладан катуу жапа чеккен шаарларында жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктар менен байланышууда. Рахат Ташматова бир топ убактан бери Адана шаарында жашайт. Ал жер титиреген учурда сегизинчи кабаттагы үйүндө болгон. Күйөөсү экөө сыртка кантип качып чыкканын айтып берди. "Аябай коркунучтуу болду. Өзүм 50гө чыгып калдым. Мындайды көргөн эмесмин. Биз бир ордубузда тура албай эшикти араң эле карап турдук. Аябай корктук, чындыгында катуу болду. Мен өзүм ушул жакка турмушка чыккам. Читать дальше...