Судандагы кагылышууларда эл аралык уюмдун үч кызматкери каза тапты
Судандагы куралдуу кармаштан Бириккен Улуттар Уюмуна караштуу Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын үч кызматкери каза тапты. Түндүк Дарфур аймагындагы кагылышуулардан аталган агенттиктин дагы эки кызматкери жаракат алды. Мындан улам Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Судандагы гуманитардык ишин убактылуу токтотуп жатканын, уюмдун Хартумдагы бир учагына да зыян келгенин "Ассошиейтед пресс" жаңылыктар агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, соңку эки күн ичинде Судандагы кагылышуулардан 61 киши мерт болуп, 670тей жаран жараат алды. Читать дальше...