Марокко: ооруканалар зилзаладан жабыркагандарга толду
Мароккодогу зилзаладан каза тапкандардын саны 800дөн ашты. Мындай маалыматты өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди. АКШнын Геологиялык кызматынын расмий маалыматына ылайык, 8-сентябрь күнү кечки саат 23:00дөн өткөн маалда Марокконун борбордук бөлүгүндө күчү 6,8 баллга жеткен катуу силкинүү катталган. 9-сентябрь күнү Бишкек убактысы боюнча саат 18:00гө карата зилзаладан каза тапкандардын саны кеминде 820 деп эсептелүүдө. Жер титирөөнүн очогу Марракеш шаарынан 71 чакырым түштүк-батыш тарапта, Атлас тоолорунда 18,5 чакырым тереңдикте болгон.