"Настоящее Время" телеканалынын журналисти Олег Ануфриенко каза болду
"Настоящее время" телеканалынын журналисти Олег Ануфриенко 13-сентябрда оорудан көз жумду. 35 жаштагв Олег "Настоящее время" телеканалында 2019-жылдан бери иштеп келген. Ал жаңылыктардын продюсери, маалымат программаларынын башкы редактору, НВ-digital командасында видео редактор болуп эмгектенген. Буга чейин ал Беларустагы алдыңкы көз карандысыз медиаларда иштеген. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жеффри Гедмин Ануфриенконун жакындарына көңүл айтты. "Кесиптешибиздин өлүмү мени кайгыга салды. Читать дальше...