Бишкектин Жылуулук электр борборунда жарылуу болуп, шаарда жылуулукка жана ысык сууга чектөө кирди. Кырсыкта жабыркаган беш адамдын экөөнүн абалы оор. Израил армиясы Хан-Юнистеги аскердик операциясын жыйынтыктап, Рафах шаарында улантат. Ал арада АКШ айрым израилдиктерге санкция киргизди. Бишкекте сот журналист-операторлор Акыл Орозбековду, Жумабек Турдалиевди жана Сапарбек Акунбековду шаардык камакта калтырды. Өткөн айда 11 журналист эки айга камалган.
Кыргызстанда укук коргоочулар абактагылардын саламатыгына гумандуу мамиле болушу керектигин айтып, жабык жайлардагы медициналык кызмат көрсөтүүдөгү көйгөйлөрдү байма-бай көтөрүп келишет. Жаза аткаруу кызматы журналисттер үчүн пресс-тур уюштуруп, абактагы атайын оорукананы көрсөттү.
Бишкек ЖЭБдеги авариядан беш адам жабыркады. Саламаттык сактоо министрлиги экөөнүн абалын өтө оор деп баалап жатат. Алар Бишкек шаардык тез жардам ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Президент Садыр Жапаров жылуулук борборунда жабыр тарткандардан кабар алды.
Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Азия Кубогунда бүгүн, 2-февралда чейрек финалдык оюндар башталат. Биринчи беттеште Иордания - Тажикстан, андан кийинки оюнда Түштүк Корея Австралия менен күч сынашат.
Кемпир-Абад суу сактагычынын жери боюнча маселе көтөрүп жүргөнү айтылган 37 жаштагы Каныкей Аранованы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Москвадан кармап, Кыргызстанга алып келгенин жакындары социалдык тармактарда кабарлашты. УКМК азырынча комментарий бере элек.
2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) авария болуп, беш киши жабыркады.ит