Экзит-полл: Грекиядагы шайлоодо оппозиция алдыда баратат
![Экзит-полл: Грекиядагы шайлоодо оппозиция алдыда баратат](https://gdb.rferl.org/8083FF3E-0A43-47FD-8058-547C4FB85104_w800_h450.jpg)
Экзит-поллдордун сурамжылоолоруна ылайык, Грекиядагы парламенттик шайлоодо оппозициядагы оңчул-борборчул “Жаңы демократия” партиясы алдыда баратат.
Кириакос Мицотакис башында турган партия премьер-министр Алексис Ципрастын “Сириза” партиясынан көбүрөөк добуш алары күтүлүп жатат. Расмий жыйынтыктар дүйшөмбүнүн таңында белгилүү болот.
Байкоочулар 40 градуска жеткен аптаптан улам шайлоочулар 7-июлда өткөн добуш берүүгө жигердүү катыша албай калганын белгилешти.
Грекияда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү чечимин премьер Ципрас 26-майда, анын партиясы Европарламентке болгон добуш берүүдө утулуп калгандан кийин жарыялаган.