Арыстагы жарылууда жараат алган бала чарчап калды
Окуядан жараат алган сегиз жаштагы Аян Шарипбаев Нур-Султан шаарындагы ооруканада эсине келбей жатып, 2-августта каза болду.
Казакстандын Арыс шаарында 24-июнда ок-дары сакталган кампа жарылып, үч киши мерт болгон. Расмий маалымат боюнча анын экөө аскер адамы, бири карапайым тургун. Дарыгерлерге 400дөй адам кайрылып, алардын 80ден ашыгы ооруканага жаткырылган.
Казак бийлиги жарылуудан шаардагы үйлөрдүн 85% эшик-терезелери, чатырлары талкаланганын кабарлаган. Калаанын 63 жеринде, анын ичинен 26 үйдө өрт чыккан.