"Чоң жети" Францияда саммитке чогулууда
![](https://gdb.rferl.org/C5C71009-14C8-4B09-81B2-1536C7BE80B9_w800_h450.jpg)
“Чон жети” (G7) уюму Ирандын өзөктүк программасын жана Орусиянын бул уюмга кайра кайтуу ыктымалдыгын талкуулоо үчүн Франциянын түштүгүндөгү Биарриц шаарчасында саммитке чогулууда. Жыйынга АКШ президенти Дональд Трамп жана Улуу Британиянын жаңы премьер-министри Борис Жонсон катышат.
Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Кошмо Штаттардын президенти саммит жемиштүү болоруна үмүттөнөрүн айтты. Ошондой эле ал француз бийлигин Google жана Facebook компанияларына карата сатуудан түшкөн салык системасын киргизбөөгө чакырды. Эгер мындай салык киргизилсе АКШда Францияда өндүрүлгөн шарапка төлөмдөр боюнча жаңы чечим чыгарын айтты.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди саммиттен тышкары эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Кашмир маселесин талкуулайт.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон Бразилияда тропикалык токойлор күйүп жаткан чакта АКШ биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндөгү хартияга кол коеруна үмүттөнөрүн айтты.
G7 уюмунун бул жолку саммити Кошмо Штаттар Иранга басымды күчөтүү талабын көбүрөөк кое баштаган шартта өткөнү турат. (RK)