Манас таануучуларды таарынткан тасма
![Манас таануучуларды таарынткан тасма](https://gdb.rferl.org/81A2B64C-2C4C-4718-91AA-39494F626750_cx11_cy5_cw77_w800_h450.jpg)
“Кыргызфильм” киностудиясы “Ороздунун он уулу” аттуу анимациялык тасманын бет ачарын өткөрдү. Мамлекеттин каражатына тартылган мультфильм буга чейин айтылып келген Манас эпосу боюнча анимациялык тасма тартуу долбоорунун алгачкы сериясы.