Чек ара кызматы такталбаган аймакта курулуш токтотулганын кабарлады
![Чек ара кызматы такталбаган аймакта курулуш токтотулганын кабарлады](https://gdb.rferl.org/23D2F38F-1C70-4A91-9F1D-E882C037D509_w800_h450.jpg)
Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактарда тажик жарандары курулуш иштерин токтотту. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Максат айылына жакын жердеги курулушту тажик тарап 16-сентябрдагы ок атыштан кийин токтоткон. Бүгүн Баткен районунун Жака-Өрүк аймагына жакын жердеги курулуш иштери токтотулду.
Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу экенин белгилеп, эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүнү улантып жатканын кабарлады. (BkA)