Тажикстанда "террорчулукка катышы барлардын" жаңы тизмеси жарыяланды
Тажикстандын Улуттук банкы "террорчулукка катышы бар адамдардын" жаңы тизмесин жарыялады. Анда 2400дөй киши бар. 2018-жылкы тизмеге кошумча дагы 122 киши кирген.
Өткөн аптада банктын расмий сайтында жарыяланган тизмеден өлкөдө тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу" партиясынын лидери, бозугундагы саясатчы Мухиддин Кабирини да көрүүгө болот.
Ошондой эле анын туугандары, уулдары, орун басары да бар. Аталган партиянын мурдагы маалымат катчысы Махмуджон Файзрахмонов да тизмеге кирген. Андан тышкары оппозициячыл саясатчылар, "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмуна кошулуп кеткендер да бар.
Улуттук банк тизме боюнча комментарий берген жок. Мындай тизмени банк үч жыл мурда жарыялап баштаган. Бирок ага киргендердин айрымдары "террорчулар менен оппозициячыл активисттерди бир тизмеге бириктирген туура эмес" деп эсептешет.
Былтыр Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму терроризмге катыштыгы бар делген тизмедегилердин арасынан 14 адамды чыгарууну суранган. Бул тизме каржы мекемелерине, арам акчаны адалдаштырууга каршы күрөшкөн уюмдарга таркатылат.