Молдовада жаңы өкмөт кызматына киришти
![Молдовада жаңы өкмөт кызматына киришти](https://gdb.rferl.org/825EED6A-2E55-4763-889E-0F3A8A1E194F_w800_h450.jpg)
Молдованын парламенти мурдагы каржы министри жана президенттин кеңешчиси Ион Кику баштаган жаңы өкмөттү бекитти. Жаңы министрлер кабинетин 101 депутаттын 62си колдоду.
Ион Кикунун талапкерлигин премьер-министрликке 13-ноябрда президент Игорь Додон сунуштаган. Ал 47 жаштагы жаңы премьер-министрди «бир да саясий партияда жок технократ жана кесипкөй» деп баалады.
Жаңы өкмөттүн курамындагы министрлердин көбү - орусиячыл президент Игорь Додондун мурдагы жана азыркы кеңешчилери.
Молдовада парламент 12-ноябрда кызматына беш ай мурда гана киришкен Майя Санду баштаган өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган.