Чыгымы көп, чындыгы аз сот реформасы
![Чыгымы көп, чындыгы аз сот реформасы](https://gdb.rferl.org/A0125F09-1989-4F86-8252-E4C7F08373F5_w800_h450.jpg)
Өлкөдө көз каранды эмес сот системасын калыптандырыш үчүн бюджеттен 2019-жылы 2 миллиард 154 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражат 2018-жылга салыштырмалуу 35 пайызга көп. Бирок буга карабай соттук реформа алдыга жыла элек.