Нобел сыйлыгынын лауреатына каршы акция өттү
![Нобел сыйлыгынын лауреатына каршы акция өттү](https://gdb.rferl.org/D6DB7CC4-8CBB-4680-A805-2DD8EAD2A94F_cx0_cy10_cw0_w800_h450.jpg)
Швецияда австриялык жазуучу Питер Хандкеге Нобел сыйлыгын тапшыруу бир катар нааразылык акциялары менен коштолду. Иш-чара өткөн имараттын жанында 100дөй адам чогулуп, «Алдамчыларга Нобел сыйлыгы берилбесин!» деген ураандарды айтышты.
Жазуучуга премияны жана 948 000 миң доллар сыйлыкты Карл XVI Густав өзү тапшырды.
Мурдагы серб лидери Слободан Милошевичти колдогон Хандкеге Нобел сыйлыгын тапшыруу Түркиянын, Албаниянын жана Косовонун нааразылыгын пайда кылган.
Швед академиясы 77 жаштагы австриялык прозаик жана драматург Хандкеге бул сыйлыкты тапшыруу боюнча чечимди 10-октябрда кабыл алган. Хандке Милошевичти дайыма колдоп келген жана 2006-жылы аны акыркы сапарга узатуу учурунда жалындуу сөз сүйлөгөн.
Милошевич 1990-жылдары Югославия мамлекети урагандан кийиники согуш учурунда «геноцид уюштурган жана башка аскер кылмыштарын жасаган» деп айыпталып 2001-жылы камакка алынган. 2006-жылы тергөө изоляторунда, өкүм чыга электе көз жумган. (RK)